"Эл үнү": Саясий оюндарды токтоткула!

5-чакырылыштагы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар парламент депутаттары шайлоо алдындагы убадаларын унутпай, өкмөт курамын түзүп, эл үчүн иштөөсүн талап кылышты.
2-декабрда 5-чакырылыштагы парламент депутаттары Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаев үчүн 58 депутат макул, 59у каршы добуш беришти.

"Азаттыктын" угармандары эл өкүлдөрү саясий оюндарын токтотуп, шайлоо алдындагы убадаларын унутпай, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлошсо тез арада спикерди шайлап, өкмөттү түзүүсү керек деген пикирде.

Спикерликке талапкер болгон Өмүрбек Текебаевдин парламентте ант берүү yчуру. 10-ноябрь,2010-жыл.
Нарын шаары, Кенжекан Сатыбалдиева:
Мен Жогорку Кеңештеги депутаттардын биринчи жыйналышын көрүп алып абдан иренжидим. Себеби эч нерсе боло электе эл депутаттары жыйынын талаш-тартыш менен баштады.

Булар элдин атынан шайланып келгени чын болсо, элди сыйласа жеке амбицияларын ташташып, биригип иштей баштамак.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Ар-намыстан” Анвар Артыковдун жоругу жолдо калсын. К.Ташиев жаш баладай микрофонду тепкилеп турганы элди сыйлабастыгын көрсөтүп койду. Өкмөттүн курамы тезирек түзүлсө, ар бир министрлик толук кандуу иштерин баштаса жакшы болмок. Бүгүнкү күнү келерки жылдын бюджети каралбай турат. Кышка даярдык жок. Ошондой эле азыр кичинекей мамлекетибиз коркунучта болуп турат. Жоготуп албайлы мамлекетибизди. Өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлобой, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшканы оң.

Жалал-Абаддан Төрөкан Алимов: Бүгүнкү күнү парламентке шайланып келген депутаттар чын эле эл үчүн иштей турган болсо, саясий оюндарын токтотуп, өз ара макулдашып, бир чечимге келип өкмөттү түзүүсү керек. Эгерде өздөрүнүн амбициясынан чыга албай элдин кызыкчылыгын ойлобосо караламан калк буларга да ишенбейт. Азыр парламенттеги ызы-чууларын көрүп алып эл абдан нааразы болуп турат.

Ош шаары
Ош шаары, Анарбай Арыков: Менимче спикерди кайра шайлоо болот. Парламентке төрагалыкка Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлиги өтпөй калды. Азыркы кырдаал мындай болуп турганда коалициялар бириккени-биригип, эртерек өкмөттү түзсө болот эле. Элдин баары ушуну эле күтүп турат.

Ош шаары, Муктар Өмүралиев: Беш партияны эл шайлаган да. Кимдигине карабай эми келишимге келип, чогуу иштей бербейби. Эл үчүн иштебейби. Эми кайра шайлоо өткөрүүнүн кажети барбы? Ашыкча чыгымдын кимге кереги бар? Шайлоонун бүкөнүнө көп убакыт өтүп кетти. Депутаттар кайым айтышып отура бербей 2011-жыл үчүн иштеш керек.

Ош шаары, Азамат Кожоев: Мына кыш келип, суук түшсө дагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле элек. Бирок ошол жылуулук берүү башкармалыктары биз жылуулукту бердик, кышка даярбыз дегени менен ушул кезге чейин жылуулук берилбеди.

Ош шаары, Абдыкамил Осмоналиев: Союз кезиндеги трубалар алмаштырыла элек. Көптөрү иштен чыккан. Ошондуктан жылуулук станциясынан жылуулук берилгени менен эл жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгына жылуулук жетпей жатат. Мисалы, менин үч бөлмөлүү үйүмдүн бир эле бөлмөсү жылып, бирөө такыр жылыбайт.

Ош шаарынын вице-мэри Таалайбек Сабиров: Ош шаарынын мурдагы жылуулукка уланган үйлөр бардыгы жылуулук менен камсыздалды. Андан сырткары мурда жылуулуктун баасы электр энергиясына караганда жогору болчу. Ошондуктан көпчүлүк тургундар жылуулукту кесип салышкан. Эми азыр электр энергиянын баасы жылуулукка караганда жогору болуп көтөрүлүп кетти. Мурда жылуулук киргизүүчү трубаларды кесип салгандар кайрадан туташтырууну суранып жатышат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирок көп жылдан бери турган трубалар чирип, жер төлөөлөрдөгү түтүктөр иштен чыгып калыптыр. Мына ушулар бизге проблема түзүп жатат.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.