Айтурган: Мени кордогон адам табылбай калды

Иллюстрация

Зордуктоого кабылган, эки балалуу келин акыйкаттык издеп “Азаттыкка” кайрылды. Кордук көргөн келиндин айтымында, ал укук коргоо органдарына арыз жазган. Бирок жарым жылдан бери иши жылбай, укугу тебеленип жатканына кабатыр.

Жарым жыл өтсө да, каргашалуу окуя Айтурганга (аты өзгөртүлдү) кечээ гана болуп өткөндөй сезилет. Ал күнү келин аялдамадан түшүп, үйүн көздөй бараткан жолдо бейтааныш адамга кабылып, зордукталган.

- Караңгы болчу. Кечки саат он-он бир болуп калган. Артымдан бирөөнүн чуркап келатканын уктум. Келип эле колу менен оозумду басып, моюнума бычак такады. Нес болуп калдым. Денем кыймылдабай, колумдагы сумка кантип жерге түшкөнүн билбейм. Ошол жерден эле зордуктап салды. Анан “Үчкө чейин санайм, качып кет, болбосо өлтүрөм!”, - деди. Балдарымды көрбөй калуудан коркуп, качып кеттим. Жанымдагы дүкөнгө жеткенде жолдошума чалдым. Ал жер жарык эле. Жолдошум дароо эле жетип келди. Үйгө жакын эле калган элем. Милицияга чалдым. Алар бат эле келишти. Окуя болгон жерди курчоого алып, бирок ал адамды таппай калышты. Заматта эле жок болуп кетти.

Эки балалуу үй-бүлө шаар четиндеги конушта турат. Үйүнө жакын жерде болгон окуядан кийин Айтурган медициналык текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Андан бери жарым жыл убакыт өтсө да кылмышкер кармала элек.

- Таптакыр жооп жок. Же "таппай жатабыз" деп коюшпайт. Улам эле келип, "муну айтып бериңиз" же "тигини айтып коюңузчу" деп сурашат. Ал күндү эстегенде эле жүрөгүм ооруп чыгат. Жолдошум да алгач түшүнүп жүргөн, бая күнү уруша кеткенде "Сен эмне болгонунду унутуп калдыңбы? Чын болсо бирөө кармалат эле го" деди. Мен эмне, атайылап ушуга бардым беле? Мен мындай болорун билген эмесмин. Ушул ойлор менен өзүмдү жей берем.

Бул окуя боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 129 ("Зордуктоо") беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Адыл Оморов издөө иштери уланып жатканын билдирди.

- Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Ушул тапта ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Укук коргоочулар көпчүлүк учурда кордолгон аялдар арыз жазгандан айбыгып, "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" десе, кайрылгандар иш аягына чыгарына көзү жетпеген соң жазган арызынын өтөсүнө чыкпай ара жолдо кала берерин белгилешет.

Мындан улам Айтургандыкындай окуяларга туш болгондорду “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова сөзсүз жактоочуга же укук коргоочуга кайрылууга чакырат: ​

- Иш козголгондон кийин тергөөчү менен зомбулуктун курмандыгы болгон аялдын кызыкчылыгын коргогон жактоочу же укук коргоочу иштеши керек. Жогоруда сөз болгон келинге биздин уюм юридикалык кеңешин берип, иштешет. Негизи тажрыйбада мындай иштердин токтоп калышына өз учурунда жасалбаган соттук экспертиза же юридикалык сабатсыздык себеп болот. Эгер сиз укугунузду коргогуңуз келсе, анда оболу Интернеттен издеп, кризистик борборлорго кайрылыңыз. Мындан сырткары, атайын акысыз жардам көрсөткөн жактоочулар бар. Алардын кызматын пайдаланыш керек.

Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт

Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт

Кыргызстанда жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат. Ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылат, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болот.

Бекназарова ушул тапта зордук-зомбулук көргөндөр үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип жатканын кошумчалады. Мобилдик тиркемени каалаган адам чөнтөк телефонуна жүктөп алса болот. Зомбулук коркунучуна кабылгандар тиркеменин жардамы менен жакындарына сигнал да жибере алат. Ал эми зомбулук учурунда бул тиркемеге жазылып калган аудио кийин териштирүүдө далил катары пайдаланылып калышы ыктымал.

Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүндө кыргыз коомунда аялдардын 83 пайызы психологиялык, моралдык, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болору айтылган. Анын ичинде сексуалдык зомбулуктун 10% гана ачыкка чыгат. Айыпталып жаткан 42 киши болсо, алардын бири гана сот тарабынан күнөөлүү деп табылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.