93 жаштагы Касым Эшалиев бүгүн Жеңиштин 72 жылдыгын аянтта белгилөөгө келген аз сандагы ардагерлердин бири. Ал согуш талаасына 17 жашында аттанып, мекенине аман-эсен кайтып келген:
- Мен согуш аяктап калганда барып, чыгышта уруштум. Жапонияда жүрүп, Манчжуриядагы урушка катыштым. Ал жерде бир полкту туткунга алдык. Согушта беш жыл жүрүп, 1947-жылы кайтып келдим.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Кыргызстанда Касым Эшалиев сыяктуу Жеңиштин жетимиш экинчи жазын тоскон 671 гана согуш ардагери бар. Ардагерлердин аягы суюлуп калганы Жеңиш күнүн эскерген митингде да байкалып турду.
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эскерүү митинги жылдагыдай эле өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, аскердик парад менен өттү.
Эскерүү иш-чарасындагы куттуктоосунда президент Алмазбек Атамбаев учурдагы орчундуу маселелерге да токтолду.
Өлкө башчысы дүйнөнү кайрадан коогалаӊ басып, күн сайын миңдеген бейкүнөө адамдар ажал таап, туш-тушка жер которууга мажбур болуп жатканын, мындай учурда тынчтыктын кадырын билүү керектигин белгиледи.
Президент Атамбаев жеңишти камсыз кылууга кыргызстандыктардын салымы чоң болгонун, согуш жылдары жүз миңдеген адамдар Кыргызстанды байырлап, камкордукка алынганын эскерип өттү.
Ошол эле учурда ал соңку жылдары жеңиштин арты менен келген тынчтыкты бузуу аракеттери байкалып жатканын белгилеп, Орусиянын өзүндө ксенофобияны, калктар ортосундагы кастыкты жайылткандар көп болуп жатканына токтолду:
- Санкт-Петербургда жакында террорист метронун вагонун жардырып, ондонгон жай тургундарды өлтүрүп, жабыркаткан трагедиядан кийин айрым орусиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга каршы албууттанууну жаратты. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты "Россия-1" мамлекеттик телеканалынын эфири аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга карата катуу чара көрүүгө чакырды... Эгерде Питердеги терактка негизги шектүү Кыргызстандын Ош шаарынан чыккан өзбек болсо, буга бардык өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Ал атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болгон, Орусияда 16 жашынан бери жашап келген! Балким, дал ушул ксенофобия менен скинхеддер анын тескери ишке баруусуна түрткү болгондур.
Президент белгилеген Санкт-Петербург метросундагы 16 адамдын өмүрүн алган жардыруу апрелдин башында орун алган эле. Жардырууну ишке ашырды делген жанкечти Кыргызстанда туулган орусиялык жаран экени кабарланган. Мындан соң Орусияда теги борборазиялык бир нече адам кармалып, эмгек мигранттарына көзөмөл күчөгөнү айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алмазбек Атамбаев майрамдагы сөзүндө өлкөдөгү саясатка токтолуп, ал Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары акыркы ирет куттуктап жатканын, беш айдан кийин кыргыз эли жаңы өлкө башчысын шайларын кошумчалады. Ал эми өлкөнү башкарып турганда ардагерлерге камкордук көрүү үчүн колунан келген аракетин көргөнүн билдирди:
- Ишенип койгула, мен ар бириңиздер үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Мисалы, ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык. Төрт жылда 300 миллион сом таптык ардагерлердин стипендиясы үчүн.
Жеңиш майрамына карата Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Согушка катышкан жана андан кайтпай калган жоокерлердин сүрөттөрүн көтөргөн жарандар Бишкектеги Жеңиш паркынан баштап, Жеңиш аянтына чейин жөө келишти.
Борбор калаанын мэриясынын маалыматы боюнча жөө жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышты. Акциянын уюштуруучуларынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаевдин айтымында, акция ардагерлерди эскертүү максатын гана көздөйт:
- Бул жакшы акция деп ойлойм. Себеби биздин өсүп келаткан бала-чакаларыбыз аталардын эрдигин унутпай, эскерип турушу керек. Ошондой эле алардын баатырлыгын таазим этүү катары карашыбыз керек.
Орусияда акыркы жылдары уюштурулуп келген "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда төртүнчү ирет уюштурулду. Борбор Азиядагы айрым мамлекеттер быйыл бул маршты өткөрүүдөн баш тарткан. Маселен, Тажикстанда коопсуздук чаралары жана исламдын салттары көзү өткөн адамдардын сүрөтүн коомчулукка шардана кылууну колдобойт деп быйыл маршты өткөргөн жок.
Ошондой эле Кыргызстанда Жеңиш майрамына чыккандар арасында акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүндө талкуу жаратып келген Георгий тасмасын тагынгандар көп болду.
Айрым коңшу өлкөлөрдө падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары Георгий тасмасын тагууга тыюу салынган эле.
1941-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.
Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.