Кыргыз-өзбек алакасын жылытууга аракет

Кыргызстандын президенти А. Атамбаев менен Өзбекстандын президенти И. Каримов

Өкмөт башчы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп жаңы кызматка киришкен Данияр Сыдыковго эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7-июлда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковду дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Анда өкмөт башчы Өзбекстан менен бардык маанилүү багыттар боюнча кызматташууну жандандыруу жана коңшулук алака-катышты чыңдоонун зарылдыгын белгиледи. Аны менен катар элчиге бир катар тапшырмаларды берди.

Өткөн айдын этегинде Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенттеги саммити алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жылуу-жумшак жолугушуусунан кийин чек ара өңдүү талылуу маселелерди чечүү башталат деген үмүт айтылган.

Бирок талдоочулар көп жылдан бери ар кандай себептерден улам солгундаган мамилени дароо жандантуу оңой-олтоң иш болбосун белгилешет.

Сөгөт айылындагы талашка түшкөн жер

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков элчи Данияр Сыдыковду Ташкентке узатып жатып эки өлкөнүн алака-катышын жандандыруу, мамилени өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу кабарлады:

- Премьер-министр Кыргызстан жана Өзбекстан менен эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы аралык мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Данияр Сыдыков

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков өткөн айда, 22-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган. Ал “Азаттыкка” курган маегинде коңшу өлкөлөрдүн алака-катышын жаңы деңгээлге чыгарууга бардык шарт түзүлүп жатат деп ишендирди:

- Эки боордош мамлекет ортосундагы мамилелер кайрадан жылый баштады дегенге толук ишенсе болот. Негизи экономика жагынан да, маданий мамиле боюнча да эки тараптуу сүйлөшүүлөргө толук шарт бар деп да айтса болот. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы бар. Ал комиссия акыркы жолу 2009-жылы чогулган. Анын ишин жандантуу, сүйлөшүү процесстерин күчөтүү боюнча да шарттар бар. Мына ушул иштерди ыкчам, тез аранын ичинде алып кете алсак, бири-бирибизге ийкемдүү кадам жасасак, дос, коңшу мамлекеттердин элине эле жакшы болот. Алака-катыштын активдүү маалынын башталышы деп терең ишенсе болот.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө бири-бирин демитпей, жарга такабай, коркутуп-үркүтпөй дипломатиялык маанайда иш жүргүзүү керек.

Эки өлкөнүн алака-катышынын жакшырышын айрыкча Жалал-Абаддын Аксы району өңдүү чек ара жаңжалдары көп катталган аймактын эли күтүп турат. Бул райондо кыргыз-өзбек чек арасында 11 талаштуу участок бар. Аким Медет Айдаралиев ал участокторду чечүү боюнча жергиликтүү элдин мүдөө-талабын эске алуу менен сунуштар берилгенин билдирди:

- Бардык участоктор боюнча жергиликтүү бийликтин сунуштарын делимитация жана демаркация боюнча комиссияга бергенбиз. Ошол сунуштар менен иштесе, ал сунуштар ишке ашып калса анда бул маселелер жакшы жагына чечилет эле. Ошол жерде жашаган элдин шарты, мүдөөсү эске алынып, анан сунуштар берилген. Болгону эми тездетүү эле жагы калды.

Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов президенттердин жолугушуусун жакшы жышаан деп эсептейт. Анын пикиринде, салкын мамиле дароо жылып кетет дароо айтууга болбойт жана бул иш өтө кылдат, астейдил мамилени талап кылат:

- Байкасаңар, президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысынын интервьюсунда эки өлкөнүн башчылары жолукканда чек ара маселелери тууралуу сүйлөшкөнү жөнүндө бир ооз да сөз кылган жок. Экинчиден, жалпы мамиле жакшырса, эгерде экономикалык-социалдык, маданий байланыштарга көңүл бурулуп, ишти оң жагына жандандыралы десе чек ара өңдүү маселелер да сөзсүз ошол жаңы нукка кошулушу керек. Бирок чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө бири-бирин демитпей, жарга такабай, коркутуп-үркүтпөй дипломатиялык маанайда иш жүргүзүү керек. Чек ара маселеси мындай жүрүш менен чечилбейт. Бул түз эле тирешүүгө алып келет. Анын үстүнө бул өтө эле саясатташып кеткен маселе болуп жатпайбы. Анан ортодо болоор-болбос, жергиликтүү көлөмдөгү иш болуп калса эле аны дароо эле саясий деңгээлге чыгарып коймой адатка айланып калды.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин сынаган бир катар орчундуу окуялар болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган учурлар да катталды. Чек ара маселелери ордунан козголбой, натыйжада чыр чыккан, кан төгүлгөн фактылар да орун алды. Коңшу мамлекеттер сууну пайдалануу, гидроэнергетикалык долбоорлор боюнча да карама-каршы пикирди карманып келет.