Президенттик аппарат бул жолугушуулар жемиштүү өткөнүн жарыялады. Анын ичинен өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуусун эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жанданышы катары бааланды. Акыркы жылдары эки мамлекет ортосундагы мамиле абдан солгундап кеткен эле.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков кыргыз жана өзбек президенттеринин жолугушуусун жемиштүү өттү деп баалап, “эки тарап ортосундагы саясий диалог өз жолуна түштү”,- деп билдирди:
- Эки президент мындан ары эки тараптуу мамилелерди дагы күчөтөлү деп так сүйлөшүп алды. Экономикалык алакаларды жакшыртуу боюнча сүйлөшүү өттү. Экинчиден, саясий карым-катнашты бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү. Эки өлкөнүн премьер-министрлерине алдыдагы күндөрү сүйлөшүп, жолугушуу боюнча тапшырма берилди. Жолугушууда чек ара маселелери боюнча да сөз жүрдү. Алар бул жаатта көп жылдан бери сүйлөшүү жүрүп келгенин, бул бир эле күндө чечилиши мүмкүн эместигин, бирок талкуу токтобошу керектигин түшүнүү менен билдиришти.
Исаков президенттердин жолугушуусунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кандай гана түшүнбөстүк болбосун сүйлөшүү жолу менен чечүүнү макулдашканын кошумчалады.
Сапар Исаков Атамбаевдин Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугушуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тездетүү боюнча сөз жүргөнүн, ошондой эле Бишкектин жолдорун оңдоого каралган 350 миллион юань өлчөмүндө кайтарымсыз грантты 1-июлга чейин бөлүүгө Кытайдын лидери убада бергенин маалымдады:
- Си Цзинпин мырза 1-июлга чейин бул каражатты бөлүү боюнча процедуралар бүткөрүлөт деген убада берди. Мисалы, ушул мөөнөттө процедуралар бүтсө, техника алып келип, июлдун ортосунда жолдор оңдоло баштайт деген ишенимде турабыз.
Ал эми ооган президенти Ашраф Гани менен жолугушуусунда Памирдеги кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча макулдашылып, жакынкы аралыкта гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн Исаков билдирди.
Алар каалайбы-каалабайбы эң жакын коңшулар экенин билишет. Кандай гана тирешүү болбосун, ал мамлекеттердин алсырашына алып барат.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин ШКУ саммитине катышуу үчүн Ташкентке сапары кыргыз-өзбек мамилеси салкындаган мезгилге туш болду. Быйыл март айында кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка өзбек аскерлери киргизилгенде, президент Атамбаев Ташкент төрагалык кылган ШКУ саммитине барбай турганын эскерткен эле. Анын үстүнө өкмөт буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген 15ке жакын объектти өткөрүп алууну баштаганын жарыялаган.
Мындан улам Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушуусу көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп, кандай жыйынтыкка жетишет деген суроолор бүйүр кызытты.
Саясий эксперт Эмил Жураев эки өлкө президенттеринин жолугушуусу өтө зарыл учурда өткөнүн белгилейт:
- Эки президенттин жолугушуусу абдан керектүү болчу. Мындай чоң жыйындардын алкагында эмес, түздөн-түз эки тараптуу жолугушуу болсо, мындан да жакшы болмок. Бирок кечээги жолугушуусунда көп деле чоң кадамдарга, чечимдерге жетишпегени байкалып турат. Ошентсе да, учурдагы абалды эске алуу менен канааттандырарлык десек жетиштүү.
Эксперт Элмира Ногойбаева эки өлкө ортосундагы саясий диалогду жандандыруу объективдүү муктаждык болчу деп атады. Анын пикиринде, эки президент тең тирешүү менен оң жыйынтык болбосун түшүндү:
- Баарынан мурда өзбек президенти да, кыргыз президенти да өз мөөнөтү бүтүп баратканын жакшы түшүнүшөт. Алар мурдагыдай өз күчүнө ишенген бийликтерден эмес. Саясий элитаны алмаштыруу муктаждыгын билишет. Экинчи жагынан алар тышкы коркунучтарды жакшы түшүнүп жатышат. Алар каалайбы-каалабайбы эң жакын коңшулар экенин билишет. Кандай гана тирешүү болбосун, ал мамлекеттердин алсырашына алып барат. Мына ушуларды түшүнүү менен тажрыйбалуу саясатчылар катары кандайдыр бир эки тараптуу сүйлөшүүлөргө барууга аракет кылып жатат деп ойлойм.
Ал эми белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов эки президенттин жолугушуусу алгачкы гана кадам экенин эскертип, мындан аркы мамилелер маанилүү экенин билдирүүдө:
- Азыркы дүйнөдө, өзгөчө Борбор Азиядагы акыбал баарын кооптондурат. Ушундай абалда кыргыз жана өзбек президенттери өздөрүнө бир гана жолду көрүп жатат. Ал - жакшы мамиле. Эми муну биринчи кадам деп эсептейли. Мындан аркысы маанилүү. Анда, албетте, оор маселелер коюлушу керек. Бирок биринчи кадам ташталды. Бул туура болду.
Чындыгында эле эки өлкө ортосунда чек ара, мүлк тактоодон башка эки башка пикирди жараткан стратегиялык маселелер да бар. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курарын билдирип келет. Ал эми Өзбекстан аталган ГЭС курулса, дарыянын төмөн жагындагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна доо кетерин айтып, БУУнун трибунасы баш болгон бардык эл аралык аянтчаларда каршылыгын ачык айтып келет.
Бул ирет гидроэнергетикалык маселелер боюнча сөз болгону тууралуу маалымат айтылган жок.