Кыргыз-өзбек чегинде дагы эки бекет ачылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жердеги “Кадамжай-Автожол” жана “Маданият” чек ара бекеттери ачылды. Аларды ачуу салтанаттар менен коштолуп, ага эки өлкөнүн чек арадагы жергиликтүү бийликтеринин жана коомчулуктун өкүлдөрү күбө болушту.