Чек арадагы элдин нааразылыгы

Өзбекстандын Девайран айылы менен коктулар аркылуу чектешкен Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары Ак-Белес аймагына кошуналардын чек арачылары вагон орнотуп, жолду таш-топурак  менен тосуп салганына күбө болушту.

Кошуналардын мындай аракети жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратып,  21-августта Боз-Адырдын жүз чакты тургуну чогулуп, түз эле ошол жерге жетип барды. 

Өзбекстан койгон вагон.

Нааразы болуп келгендер төрт оор техника менен кум, таш жүктөп жаткан өзбекстандыктарды сый менен кетип калууга көндүрүштү.

Эл топтолгон жерге көп өтпөй Баткен райондук бийлигинин, чек ара кызматынын, милициянын өкүлдөрү жетип келишти. 

Чогулган эл бийликтегилердин тарап кетүү өтүнүчүн кабыл албай, маселе дароо чечилишин талап кылып туруп алды. 

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Өзбекстан тарап чек арада мыйзамсыз  аракеттерге барганын моюндап, аймакта абал мурдагы калыбына келгенин, чогулган эл тараганын Баткен районун акими Сейтмурат Калыков «Азаттыкка» кабарлады.