Андагы санкцияга ылайык, бул "кара тизмеге" киргендердин АКШдагы активдери токтотулат, жергиликтүү жарандар менен ишкерлик алака-катыш кылуусуна тыюу салынмакчы. Расмий Вашингтон буга чейин Көлбаевди ири наркобарондордун тизмесине да кошкон.
АКШнын Каржы министрлиги Орусия баштаган КМШ мамлекеттериндеги он кримтөбөлдү "чоң кылмыштарга катышкан" деп айыптап, "кара тизмеге" киргизди. Тизмеде кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан, "Коля кыргыз" деген каймана ат менен таанымал Камчы Көлбаев дагы бар.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Көлбаев тууралуу соңку маалымат боюнча комментарий бере элек.
Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тиешелүү органдар уюшма кылмыш топторун көзөмөлдөп турат деген ойдо:
- Камчы Көлбаевдин "таажы кийген" "мыйзамдагы ууру" экенин бизде баары эле билет да. Өкмөт деле, күч органдары деле билет. Алар тиешелүү ишти ар дайым алып барып турушат. АКШ бир эмес, ушуну менен экинчи жолу тизмесине киргизип жатат. Эгер алар бизге, укук коргоо органдарына же бийликке атайлап кайрылса, негиздемесин жиберип, кызматташууга чакырса, анда биздин тиешелүү органдардан реакция болушу мүмкүн. Билесиңер да, бул жигит сот жообуна тартылган. Камалып отуруп чыккан, өзүнүн мөөнөтүн өтөгөн. Биздин күч органдары Камчы Көлбаев, кылмыш дүйнөсүндөгү дагы башка белгилүү адамдарды карап, көзмөлдөп турушат.
Расмий Вашингтон буга чейин, тактап айтканда, 2012-жылы Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга бир миллион доллар сыйлык жарыялаган. Анда Көлбаевдин кылмыштуу тобу КМШ өлкөлөрүнүн уюшкан топторунун “Братский круг” аттуу синдикатына кирери белгиленген.
Саясат таануучу Эмил Жороевдин пикиринде, Кыргызстан Камчы Көлбаев боюнча АКШ менен кызматташып, ага коюлган айыптарды билүүгө кызыгышы керек:
- Камчы Көлбаев ким экенин биз жакшы билебиз. Бул кишинин чуулгандуу тарыхы бар. Тиешелүү органдар, сот менен ары-бери болгон рекордду бар. Кыргызстан үчүн бир чети таң калычтуу, табышмактуу деле эмес. "Бирок кандай негизде ушундай тизмеге кирди, ошол кылмыштар боюнча Кыргызстанда бир нерсе болгонбу же жокпу?" деп, ушул жагын сурасак албетте, жакшы болмок. Анткени менин билишимче, бул кишинин буга чейинки сот иштери өтө оор кылмыш болгону үчүн же кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү катары соттолгонун эстей албай турам. Маңзат боюнча иш болгон-болбогонун билбейт экем.
43 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алып, "таажы кийгени", буга бир катар кримтөбөлдөр күбө болгону тууралуу маалымат бар.
Ал 2012-жылы Бириккен Араб Эмиратында кармалып, кайра коё берилген. Ошол жылы Кыргызстанга келгенде камакка алынган. Кыргыз милициясы Камчы Көлбаев өлкөдөгү криминогендик кырдаалга таасир эте аларын айтып чыккан.
Атайын кызмат Көлбаевге “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, киши уурдаган жана адамдын денесине залал келтирген” деген сыяктуу 10 берене боюнча айып таккан. Тергөө учурунда ага каршы көрсөтмө берген жабырлануучулар да, күбөлөр да сотко келгенде мурдагы көрсөтмөлөрүн танып, Көлбаевге эч доосу жок экенин айтып чыгышкан. Ал 2014-жылы жайында абактан бошогон жана кайра Дубайга кеткени тууралуу маалыматтар болгон.
Буга чейин Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенттигине жалгыз талапкер болуп, бир добуштан шайланганы талкуу жараткан эле.
Расмий маалымат боюнча, ИИМде 500дөй уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү каттоодо турат жана Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Максат Абакиров жана Алмаз Бокушев түзгөн төрт кылмыштуу топ бар.
Уюшма кылмыш топторуна байланыштуу доомат былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодо, быйыл президенттик шайлоодо да айтылды.
Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов уюшма кылмыштуулукка каршы чаралар да, мыйзам дагы жетиштүү экенин айтканы бар.
- Азыр кээ бирөөлөр "күрөш жакшы болбой жатат, жакшы иштебей жатат, мыйзам жетишсиз, күчөтүш керек" деп жатышпайбы. Чынын айтсам, көп эле мыйзамдар бар. Ошол мыйзамдарды туура колдонсо эле натыйжа чыгат. Бизде кылмыш кылган адам ошого жараша жооп берет. Эгер кылмышы далилденбесе - демократия, адам укугу бар дегендей, "бул жакка тиешелүү, тигил жакка тиешелүү" деп баарын камай берсе, ал да туура эмес болот.
Ушул жылдын башында ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү жетишсиз деп сынга алган. Ал айрыкча кримтөбөлдөр кармалбай жатканын белгилеген.
Ошондон көп өтпөй, жазында кыргыз өкмөтү "караларга" каршы күрөш тууралуу жаңы мыйзам долбоор даярдаганы белгилүү болгон. 20 беренеден турган документте уюшкан кылмыштуулук боюнча негизги түшүнүктөргө ("положенец", "смотрящий", "мыйзамдагы ууру" ж. б.) аныктама берилген, кошумча укуктук чаралар камтылган жана бул топтор менен күрөшө турган ыйгарым укуктуу органдардын координациялык кеңешин түзүү каралган. Мыйзам долбоору азырынча кабыл алына элек.