Алдангандардын бири - Ысык-Көл облусунун тургуну Мира Жанкабылова. Ал өзү жана уулуна виза алуу үчүн “Визит Тур” компаниясына 13 миң доллар бергенин айтууда. Компаниянын кызматкерибиз деген төрт аял камакка алынганы менен Мира акчасын кайтарып ала албай убара.
- Телеканалдардын биринен АКШга виза жасап беребиз деген жарнаманы көрүп, кеңсесине келген элек. Бизге “100% кепилдик беребиз" дешкен. Кызмат көрсөтүү акысы үчүн ар бир кишиден 6500 доллар алышат экен. Айткан сумманы топтоо үчүн үйүмдөгү буюм-тайымды сатып, кредитке акча алгам. Эми камакта отурган кыздардын биринин жактоочусу “баарыңарга бир аз акча бөлүп берели, ишти жаап, тарап кеткиле” деп жатат.
9-июлда “Визит Тур” компаниясына АКШга виза ачуу үчүн акча берип, алданып калгандар президентке, өкмөт башчыга, спикерге жана ички иштер министрине кайрылуу жолдошту. Алар алдамчыларды тезирээк жоопко тартууну талап кылууда. Маалыматка ылайык, аталган компания АКШга виза ачып беребиз деп 30дан ашык адамдын ар биринен 6500 доллардан алып, 200 миң долларга жакын пайда көргөн. Айрым маалыматтарга караганда, алдангандар мындан да көп болушу мүмкүн.
Жабырлануучу Улан Койкеловдун айтымында, "Визит-Тур" компаниясынын директору Эмилия Максүтованын туугандары таасирдүү кызматта иштейт. Ошол себептүү, акча толук кайтарылбай, алдагандар эркиндикке тез эле чыгып кетет деп кооптонуп жатканын айтты:
- Максүтованын атасы кызынын кол алдында иштегендердин ата-энелерине чалып “берген көрсөтмөлөрдү өзгөртүшсүн, менин кызым чыккандан кийин силердин кызыңарды да алып чыгам" дептир. Эмилияны ал ушинтип өз таасирине салып чыгарып алат, биз акчадан куру калабыз.
Улан айтып жаткан, Турду Максүтов Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында иштери маалым болду. Ал өзү тууралуу кептерди четке кагып, анын кызы өзү да алданып калганын айтууда.
- Алар туура эмес айтып жатышат. Тескерисинче, менин кызым да алданып калыптыр, төрт-беш аял жаш кызды алдап иштеткен экен. Жабырлануучу тарап акча өндүрөбүз деп, менин атыма да арыз жазышты. Менин беш балам бар, айлык менен жашасам, кайдагы акча? Бирок аларга короткан чыгымын кайтарып берүү үчүн аракет кылып жатабыз.
Компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу буга чейин милицияга арыз жазылып, анын негизинде төрт адам июнь айында камакка алынган. Жабырлануучулар ушу тапта болгону эки адам гана акчаcын кайтарып алганын айтышты.
Бишкек шаардык ИИБнин маалымат катчысы Олжобай Казабаев камалгандар азырынча эркиндикке чыкпасын айтып, тергөө уланып жатканын, жыйынтыгы сурак бүткөндө билинерин кошумчалады:
- Бул ишти Бишкек ШИИБси тергеп жатат. Ушу тапта кармалгандардан жабыркадым деп 30дай адам кайрылды. Эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аталган компания чындап эле акча алганы тастыкталып жатат. Алар учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.
Өткөн 2014-жылы АКШ элчилигинен үч миңден ашуун Кыргызстандын жараны виза алган. Виза алуудагы кыйынчылыктардан улам, жарандар түрдүү менчик компанияларга кайрылып, атүгүл алардын жардамы менен кеткендер тууралуу пикирлер коомчулукта айтылып келет. АКШнын Кыргызстандагы консулу Эрика Хоскинг Кошмо Штаттарга виза берүүнү элчилик өзү гана аткарарын жана эч кандай ортомчу компаниялар же жарандар менен иштешпей турганын "Азаттыкка" берген маегинде так кесе айткан:
- Көпчүлүк жарандар чакыруу катын агенттиктерден алып, анан акча төлөсөм эле виза алам деп ойлошот. Чынында андай эмес. Биздин талаптар аябай жеңил. Виза алууну каалаган жарандар келип, анкетага так жана чын маалыматтарды толтуруп, андан соң арыз жазышат. Консул менен болгон маекте да жаран сөзсүз өзү тууралуу туура жана чын маалыматтарды айтышы керек. Чечим бир гана жарандын арызына жана АКШнын мыйзамдарына карап кабыл алынат. Биз эч кандай жеке агенттиктер менен иштешпейбиз, ошондуктан бир да агенттик виза алууда чечимге таасир бере албайт.
Виза алуу үчүн документтерге кеткен чыгым 160 долларды түзөт. Мындан улам, адистер олчойгон акчаны жумшабай, жарандарды элчилик аркылуу документ тапшырууга чакырып келишет.