Work and Travel программасы аркылуу Америкага барууну каалаган Перизатка элчилик виза берүүдөн баш тарткан. Анын айтымында, мындай чечимдин себебин консул түшүндүргөн эмес:
- Америкага баруу менин кыялым болчу. Үч айга эле бармакмын. Ал жакта "Диснейлэндди" көрүп келейин дегем. Мен англис тилинде эркин сүйлөйм. Бирок консул менен болгон маекте ал мага виза берилбей турганын айтып, себебин түшүндүргөн жок. Мен сыяктуу виза албай калгандар көп эле. Алардын көпчүлүгү "кара тизмеге" кирип калабыз деп коркуп, ачык айтпай жатышат.
Аталган программа аркылуу АКШга жөнөп жатып, визага уруксат ала албай калган студенттерден Перизат жалгыз эмес. 18-июнда Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына виза атайын берилбей жатканын айтып, жыйырмага чукул ар кайсы окуу жайдын студенттери нааразылык билдирип чыгышкан.
Митингге чыккан студенттер виза алуу үчүн документтерди даярдоодо короткон каражатты АКШ элчилиги төлөп берүүсүн талап кылышты. Алардын бири, чет тилдер академиясынын директору Лариса Логинова мындай көрүнүш эки жылдан бери кайталанып жатканын айтууда:
- Өткөн жылы биздин академия аркылуу барган студенттердин 70% виза берилген эмес. Мындан улам биз быйыл студенттерге тандап алуунун шартын катаалдатканбыз.Тандалган студенттердин дээрлик бардыгы англис тилинде эркин сүйлөшөт. Бирок консулдук себебин түшүндүрбөй эле аларга виза берүүдөн баш тартты.
2014-жылы аталган академия документтерин даярдап берген 50 студенттин тогузуна, быйылкы 49 студенттин бирөөнө гана виза берилген.
Кайтып келем деп калып кеткендер
Ал арада АКШ элчилигинин маалымат кызматы бул жагдайды 2013-2014-жылдары Кыргызстандан барган студенттердин 40 пайызы мыйзамсыз калып калганы менен түшүндүрдү. Бул жагдай виза берүүдө тыкыр текшерүүгө түрткү берип, жыл башынан бери кайрылган студенттердин 30 пайызына, же 160 студентке гана виза берилген.
Мындан сырткары элчилик аталган программа менен студенттер үч негизги талаптар аркылуу гана кете аларын айтышты. Биринчиси - программанын катышуучулары бир жогорку окуу жайдын студенти болушу шарт, катышуучулар англис тилинде эркин сүйлөшү керек. Мындан сырткары алар консул менен болгон маекте визанын мөөнөтү аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келерин айтып, ишендириши зарыл. Элчилик виза албай калган студенттер ушул талаптарга жооп бербегенин кошумчалады.
Адатта Work&Travel менен барган студенттерди АКШда көзөмөлгө алышпайт. Ушундан улам мөөнөтү аяктаган соң калып калган студенттер да аз эмес. Бирок визасы жок, жакшы жумушка орношо албагандыктан айрымдар алдын ала таанышынын чакыруусу менен, түрдүү программалар аркылуу кетишет.
Өткөн жылы аталган программа менен барган Саламат да элчиликтин мындай пикирин тастыктады:
- Work&Travel программасы аркылуу кетип, ал жакта калып калган студенттер көп болот. Алар эптеп программа менен барып алып, ал жакта иштеп калууну көздөшкөндөр. Көп учурда АКШдагы окуу жайдын биринде окуйт деген тастыктама алышат. Маселен, мени менен өткөн жылы барган курбум калып, ушул күнгө чейин келе элек, себеби кайра виза алалбай убара. Бирок визаң болбосо жакшы жумушка орношо албайсың.
Бул маалымат чыккандан кийин социалдык тармактарда ага геосаясий өңүттөн баа берип, талкуулагандар болду. Бирок АКШ-Орусия мамилеси бузулган кезде, кыргыз тараптын Москвага ыктаганы студенттерге да таасир берип атат деген пикирге Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков макул эмес.
- АКШ биздин жаштарга иш, окуу боюнча көп мүмкүнчүлүк берди. Бирок буга чейин барган кыргыз жаштарынын ал өлкөдө калып калуусу, кийинки бара тургандарга чынында эле зыянын тийгизүүдө. Виза алып жатканда жаштар эки-үч нерсеге так жооп бериши керек. Биринчиден, тил билгени эске алынат. Экинчиден, баргандан кийин кайра Кыргызстанга кайтам деп элчилик кызматкерлерин ишендирүү керек. Үчүнчүдөн, АКШ жакшы нерсени үйрөнгөнү, көргөнү барганын айтуусу зарыл. Бул жерде эч кандай геосаясат жок. АКШ Орусияга ыктаганыбыз үчүн жаштарды жазалап атат деген суу кечпеген сөз. АКШ үчүн биз кичинекей эле мамлекетпиз. Алардын иммиграциялык саясатына, экономикасына, дүйнөлүк саясатына таасир эте албайбыз. АКШ бизге жалпысынан жакшы эле жардам берет.
2013-жылдан бери АКШ элчилигине виза алуу үчүн эки миңге жакын студент кайрылган, бирок алардын жарымына гана виза берилен. Виза алуу үчүн документтерге болгон чыгым 160 долларды түзөт. Бирок митингге чыккан жаштар арасында, документ толтурууга жардам көрсөткөн ортомчуларга 500 АКШ долларын бергендер болгон.