Кыргызстан коңшуларынан кантип айырмаланды?

Террорчулукка каршы машыгуудан бир көрүнүш.

АКШнын иммиграциялык кызматы Борбор Азиядан Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды террордук уюмдарга көмөк көрсөтүүчү коркунуч жагдайлары бар өлкөлөр катары өзгөчө тизмеге киргизди. Ага Кыргызстан кирген эмес.
Аталган тизмеге террордук коркунучтарга шарт түзгөн же түздөн-түз террордук уюмдарга көмөк көрсөтүп колдоого алган өлкөлөр киргизилген.

Тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары АКШнын аймагына киргенде тыкыр текшерүүгө алынышы абзел экендиги эскертилген. Тизмеге жогоруда аталган Борбор Азиядагы төрт мамлекеттен башка Ооганстан, Иран, Ирак, Алжир жана Пакистан сыяктуу отузга жакын өлкөлөр кирген.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Имамберди Жалилов Кыргызстандын ал тизмеге киргизилбегенин чыныгы террорчулукка түрткү боло турган жагдайлардын жоктугу менен байланыштырды:

АКШнын Кыргызстандагы Транзиттик борбору
- Бул террордук уюмдардын пайда болуусуна өбөлгө боло турган жагдайлар боюнча каралат. Башкача айтканда ошол өлкөлөрдөгү саясий-укуктук абалдын деңгээли. Саясий же болбосо диний эркиндиктин деңгээли эске алынат.

Бул жагынан алып караганда Кыргызстандын аталган тизмеге киргизилбей калышы мына ушул жагдайлардан болсо керек. Анткени бизде чыныгы терроризмдин өлкөдө пайда болушуна социалдык же болбосо саясий негиздер дээрлик жокко эсе. Ошондой эле өлкөдө саясий же диний эркиндикке тоскоолдуктун жок экендиги же болбосо бул багыттагы кысмакка ала турган механизмдердин алсызданышынан болуш керек
.

Кайсалактаган Казакстан

Тизмеге киргизилген мамлекеттердин ичинен бир гана Казакстан муну менен макул эместигин айтып чыкты. Коңшу мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги аны жаңылыштык катары баалап, АКШнын бийлигине бул калпыстыкты оңдоо талабын койду.

Казак бийлиги муну Казакстандын аймагын террордук уюмдардын уялап алган учурлары буга чейин бир да жолу катталбагандыгы менен байланыштырган. Ошондой эле ал эл аралык терроризм менен күрөшүүдө расмий Астананын барандуу салымы бар экендигин мисал келтирген.

Этникалык казак, Кыргызстандагы "Жашылдар" партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев Казакстанда террорчул уюмдар бар экенине ишенбейт:

- Бул эми албетте Казакстандын саясаты. Биздин ага кийлигишкенге акыбыз жок.

Бирок айтып койо турган нерсе: Казакстанда кандайдыр бир террорчулук уюмдардын Пакистандагыдай же Ооганстандагыдай болуп базалык негизде очор-бачар болуп отурукташып алган эмес. Андыктан аны эмне себептен аталган тизмеге кошконун түшүнгөн жокмун. Тескерисинче Казакстан аймакта террорчулукка каршы күрөшүүдөгү активдүү мамлекет катары өзүн көрсөтүп келе жатат.


“Евразия.Нет” сайты америкалык U.S. Azeris Network уюмунун АКШнын бийлигинин бул тизмени түзүүдөгү алешемдиктерин сындап чыккан билдирүүсүн жарыялаган.

Анда тизмеге киргизилген Казакстан менен Түркмөнстандын өкмөттөрү же алардын жарандары кайсы бир террорчул уюмдарды тымызын колдогон учурлар болбогондугу айтылат. Террордук коркунучтун деңгээли изилдөөгө алынбастан эле мусулмандар көп жашаган өлкөлөр тизмеге жапырт кирип калгандыгы сынга алынган.

Кыргызстандын “табышмагы”

“Айкөл - Эл” саясий партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов негизинен Борбор Азияда террорчулуктун коркунучу бар экендигин айтып, бирок негедир Кыргызстан коңшуларынан айырмаланып тизмеге киргизилбей калганына таң калды:

Эдил Байсалов
- АКШда айрыкча Борбор Азиядагы жарандар боюнча чала даярдалган баяндамалар жарыяланып калган учурлар аз эмес. Мен мына ошондойлордун бири го деп ойлойм. Бирок албетте аймакта, жалпы эле беш республикада тең эле террорчулук коркунучу бар. Муну буга чейинки бир катар окуялар тастыктап келе жатпайбы.

Бирок мына ошол тизмеге коңшуларынан коопсуздук абалы айырмаланбаган, керек болсо алсызырак Кыргызстандын киргизилбей калганына таң калдым. Ал баяндамада конкреттүү кандай параметрлердин негизинде ушундай тизме түзүлгөнү да көрсөтүлгөн эмес.


Расмий Астананын нааразычылыгынан кийин АКШнын Казакстандагы элчилиги анын террорчулук коркунучун жайылткан өлкөлөрдүн тизмеге кирип калышын кокустук катары төгүндөп чыкты. АКШнын өзгөчө өлкөлөрдү белгилеген тизмеси мындан жети жыл илгери президент Жорж Буштун демилгеси менен түзүлгөн.