Балыкчыда кенди иштетүүгө каршы митинг өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митинги өттү. Катышуучулардын эсеби боюнча, митингге Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан келген 500гө чукул адам катышты. Алар Кызыл-Омпол уран кенине жана Кыргызстандын аймагында болгон уран кендерине түбөлүк мораторий киргизүүнү талап кылышты. Балыкчы шаарынын милициясы нааразылык акциясында мыйзам бузулбаганын билдирди.