Кыйноонун кунун өкмөт төлөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноодон өлгөн жарандын жакындарына мамлекет компенсация төлөп бермей болду.

16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту "милициянын зомбулугунан улам каза болду" деп айтылып жүргөн Турдубек Акматовдун жакындарына моралдык чыгым үчүн 200 миң сом төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендирди.

Өкмөт бул боюнча соттун жогорку инстанцияларына даттанар-даттанбасы чечим колго тийгенде белгилүү болорун Финансы министрлиги билдирди.

Укук коргоочулар райондук соттун чечимин адам укуктарын коргоо жаатында сот чыгарган алгачкы кадам катары баалап жаткан кези.

2005-жылы каза болгон маркумдун жакындары 13 жылдан бери арызданып келет. Алардын 2015-жылы жөнөткөн кайрылуусун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети карап, “мамлекет маркумдун жакындарына моралдык чыгымын төлөп бериши керек” деген сунушун берген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2005-жылы "милиция кызматкерлеринин кыйноосунан өлдү" деп эсептелген Турдубек Акматов үчүн анын жакындарына мамлекеттен 200 миң сом өндүрүү тууралуу чечимди 16-октябрда чыгарган.

Маркумдун сотко арыз жазган иниси Чыңгыз Сүйүнбаев үчүн бул жолку чечим күтүүсүз болду:

- Чынын айтсам, мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Канча жыл күрөшүп жүрүп, мамлекет тарабынан акыйкаттык болоруна көзүм жетпей калган эле. Жактоочу "200 миң сом" деп айтты. Биз мындан көбүрөөк акчаны айтканбыз. Бирок канча акча болгону менен ушундай чечим чыкканы кубандырды. Анткени ушунча жыл коркутуп-үркүтүүгө кабылдык. Агам каза болгон айылдан көчүп кеткенбиз. Ал жерде үй-бүлөм менен жашагым келген жок.

Сүйүнбаев соттон 500 миң сом өлчөмүндө компенсация өндүрүп берүүнү суранган экен. Үй-бүлөнүн жактоочусу Сардор Абдухалилов сот чечимин акыйкаттыкка жетүүдөгү олуттуу кадам катары баалады:

- Ушу тапта соттун чечимин кагаз түрүндө колго ала элекпиз. 200 миң сом компенсация тууралуу кабарым бар. Бирок ал кандай шартта ишке ашаары белгисиз. Ал эми мен укугун коргоп жаткан жарандар ал суммага ыраазыбы - бул башка кеп. Эң башкысы - соттун чечими акыйкат болгонун айтуу керек. Буга чейин эл аралык уюм аралашкан иштерде сот чечим чыгарууда калыптанып калган системага каршы чыга алчу эмес. Бул жолу андай болгон жок. Соттун мындай чечими бир топ жактоочуларга, укук коргоочуларга дем бере алды.

Дагы караңыз Койлубаева: Кыйноого каршы күрөш байкалбайт

Сөз болуп жаткан Турдубек Акматов уурулукка шектүү катары 2005-жылдын 3-майында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылдык милиция бөлүмүнө чакырылган.

Жактоочулардын билдиргенине караганда, шектүү адамды бөлүмдө милициянын алты кызматкери көпкө чейин суракка алып, кылмышты моюнга албай койгону үчүн сабаган. Акматов ошол күнү кечинде үйүнө барып, атасына алты милиционер сабаганын айтып берген. Ал оозу-мурдунан кан кетип, каза болгон. Акматовдун атасы уулунун өлүмүнөн кийин прокуратурага кайрылган. Сөөктү иликтөөдө ал башына, көкүрөгүнө жана ички органдарына сокку жегени аныкталган.

Өзгөн райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон. "Кыйноого каршы күрөш коалициясынын" маалыматына караганда, маркум кыйноодон өлгөнү тууралуу бардык далилдер болгонуна карабай, анын өлүмүн иликтөө 2005-жылдан 2011-жылга чейин создугуп, алты жолу токтотулган. Күнөөлүүлөр кылмыш жообуна тартылган эмес. Натыйжада жабыркаган тарап БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданган. Комитет Турдубектин кыйноодон өлгөнүн билдирип, "анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек" деген чечим чыгарган.

Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыйноого каршы күрөш коалициясынын" өкүлү Индира Саутова бул ишти прецедент катары баалайт. Саутова мамлекет мындай окуялар кайталанбашы үчүн кыйноого каршы саясат жүргүзүшү керек деп эсептейт:

- БУУнун комитети чыгарган чечим менен бул ишти прецедент деп айтсак болот. Токмоктогон милиция кызматкерлерин тергөө таба албаганын билдирди. Мамлекет ушундай чыгымга учурабашы үчүн кыйноого каршы саясат жүргүзүшү керек. Милициянын, мамлекеттик кызматкерлердын арасында иш алып барышы керек. Адатта кыйноо фактысы бар иштерде тергөө иштери чабал жүрүп, сотко жеткендери чанда болот. Буга чейин прокуратура тергесе, ушу тапта тергөө иштери УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Биз жакында мониторинг жүргүзүп, УКМК тергей баштагандан бери канча иш сотко өткөнүн так карап чыгалы деп жатабыз. Анткени ал кыйноого каршы сүрөттүн чыныгы көрсөткүчү болуп бере алат.

Кыргыз өкмөтү райондук соттун бул чечимине карата оюн билдире элек. Сотко катышкан укук коргоочу Саутованын айтканына караганда сотко өкмөттүн атынан катышкан Финансы министрлигинин өкүлдөрү апелляциялык арыз менен соттун жогорку инстанцияларына кайрыларын билдиришкен.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазып кайрылган. Изилдөө көрсөткөндөй, антип кайрылгандар кыйноого туш болгондордун 60 пайызын гана түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.