Адам укуктарынын арабөк абалы

Бишкектеги адам укуктары боюнча жыйын. 10-декабрь, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.

БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгын кыргыз бийлиги өлкө парламентинин 80 жылдыгы жана Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгы менен кошо белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон мамлекеттик жетекчилер, эл аралык уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү катышкан конференцияны Акыйкатчы институту уюштуруп, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү финансылык колдоо көрсөткөн.

Сооронбай Жээнбеков.

Жыйында сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жаатында абалды жакшыртуу үчүн бийлик колдон келгенин жасап жатканын билдирди. Президенттин айтымында, кийинки жылдан тартып күчүнө кирчү бир катар кодекстер адам укуктарын коргоого көмөкчү болот:

- Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык-айкындыгына чоң маани берилет. Ошону менен катар, укук коргоо органдарынын өзүм билемдигине жол бербөө зарылдыгы да баса белгиленген. Кыргызстан акыркы убакта ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылы соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам укуктарынын абалы талкууланды

Жээнбеков "мамлекеттин негизги милдети - адам укуктарын коргоо" деп, бул жаатта 80 жылдыгы белгиленип жаткан парламенттин орду өзгөчө экенин белгиледи. Президент өз сөзүндө укук коргоо уюмдары айтып келген укук коргоо жана сот реформасы боюнча сөз козгогон жок. Бирок бул багыттагы абалга жыйын учурунда сөз сүйлөгөн "Бир дүйнө -Кыргызстан" уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова токтолду. Ал бул күндө жабык жайлардагы зордук-зомбулукка, адилетсиз мамилеге туш болгондордун маселеси ачык айтылыш керек деген пикирде:

- Түрмөдөгүлөр ыйлап турат. Ал жакта абдан көп күнөөсүз адамдар отурушат. Акысыз адвокаттык кызмат натыйжасыз болууда. Себеби тергөөчүлөр адвокаттардын үстүнөн үстөмдүк кылып коюп жатышат. Укук коргоочулардын үстүнөн жабык соттор жүрүп жатат. Негизи бийлик жаңыланганда гумандашуу болот. Айыпсыз адамдар абактан чыгышы керек эле, бирок адилетсиздик өкүм жүрүп жатат. Жада калса ушул залда адам укуктарын тебелеген айрым адамдар бийлик өкүлү катары отурушат. Ошондуктан жаңы, жаш адамдардын бийликке келишине шарт түзүшүбүз керек. Биз эски номенклатурадан чарчадык.

"Ала Арча" резиденциясында адам укуктары боюнча жыйын Бишкектин Сведлов райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү боюнча сот жүрүп жаткан учурга тушташ өттү. Айрым укук коргоочулар “ушул өңдүү талуу маселелерди кадыр-барктуу жыйындарда көтөрүп, жоопкерчилик жөнүндө сөз кылса болмок, анткени бийликтин мамилеси ушундайда көрүнөт” дешти.

Чолпон Жакупова.

"Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен эле адам укуктарынын абалы оңолоруна ишенбейт:

- Бүгүн мен бул жакка келгенде 24.кg агенттигинен журналисттер: “Бул иш-чарадан эмнени күтүп жатасыз?” деп сурашкан эле. Мен ошондо эле "формалдуу гана бир жыйын болот" деген божомолумду айткам. Чынында эле ошондой болду. Себеби, "адам укуктары" деп айтылганы менен укук коргоочулар бул залга кирип, алдыга өтөлү дегенде эле жолубуздан тосуп, “тээтиги арткы орундуктарга барып отургула” деп көрсөтүштү. Алдыңкы катарга болсо Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын өкүлдөрү отура турганын айтышты. Экинчиден, президент баштаган мамлекеттик органдардын сүйлөгөн сөзүндө жарандык коом жөнүндө бир ооз сөз болгон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү гана жарандык коомдун маанисин айтып отурат. Ошондуктан адам укуктарын коргоонун абалы бүгүнкү иш-чаранын мисалынан эле көрсө болот.

Турсунбек Акун.

Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата бийликтен коомдо көтөрүлүп жаткан бир катар талаптар боюнча ишарат болот деп күткөн.

- Адам укуктары боюнча конвенциянын 70 жылдыгына карата бир катар чечимдер кабыл алынса жакшы болмок, - дейт ал. - Ошол эле саясий туткундар, ошол эле куугунтукка кабылган адамдар боюнча. Бийликтин мындай чечимин эл аралык коомчулук да туура түшүнүп, өлкөнүн кадыр-баркына оң таасир тийгизмек.

Кыргызстанда мурдагы бийлик учурунда камалган айрым саясатчыларды жарандык коом өкүлдөрү "саясий туткундар" деп атап жүрүшөт. Алар Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылардын ишин жаңы бийликтен кайра кароону суранып, бир нече ирет кайрылышкан болчу.

Жеңиш Разаков.

Анткен менен өкмөттө укук коргоо тармагына жооптуу болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бийлик айтылган ар бир сын пикирден тиешелүү сабак аларын айтууда.

- Адам укуктарына биздин мамлекеттин жетекчилиги абдан жакшы көңүл буруп жатат, - деди вице-премьер. - Биз да өкмөт тарабынын бардык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке бул багыттагы абалды жакшыртуу, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берип жатабыз. Мындан ары да бул багытта маанилүү иштер жүргүзүлөт.

БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Бул декларацияга Кыргызстан 1994-жылы кошулган.

Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу көбүнесе укук коргоо, сот органдарына байланыштырылат. "Human Rights Watch" уюму да акыркы отчетунда өлкөдө сот адилеттиги сакталбай жатканын курч маселе катары көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.