«Үмүт 2020» саясий чөйрөнүн тазаланышын каалайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы түзүлгөн «Үмүт 2020» кыймылы Бишкекте өзүнүн кеңсесин ачып, коомчулукту коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөдү. Алардын негизги максаты – азыркы парламенттеги депутаттардын былык иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу. Бул кыймылдын түзүүчүсү - парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова. Айтматова буга чейин айрым саясатчылар, депутаттар жөнүндө иликтөөсүн жарыялаган.