Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.
Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган.
Кыргыздын чыгаан уулунан мезгилсиз айрылганыбызга кабыргабыз кайышып турат. Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу. Ал акыркы жылдары "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы программасы үчүн коомдо зор талкуу жараткан бир катар орчундуу иликтөөлөрдү даярдап, обого алып чыккан.
"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.