Тунгышбаевди тушаган сот чечими

Казакстандын жараны Муратбек Тунгышбаев.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошентип Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылды. Ал эми бүгүн укук коргоочулар жана активисттер Тунгышбаевдин маселесин талкуулашты.

Ал арада активисттин адвокаттары соттун чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышты.

“Тунгышбаевдин иши – кыргыз демократиясынын сынагы”. Дал ушундай аталышта бозгунда жүргөн Казакстандын жараны Муратбек Тунгышбаевдин маселесин коомчулукка жеткирүү максатында бүгүн Кыргызстандын “Сөз эркиндигин коргоо комитети” тегерек стол уюштурду. Ага катышкан саясатчы Равшан Жээнбеков бул иште казак бийлигинин кысымы байкалып жатканын айтып, акыркы окуялар соттор жана укук коргоо органдар реформага муктаж экенин дагы бир сыйра далилдеди деп эсептейт.

Равшан Жээнбеков.

- Эгер Кыргызстан демократиялык мамлекет боло турган болсо, Тунгышбаевге окшогон кылмыш кылбаган, башка саясий көз караштагы адамдарды бербеши керек. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна аябагандай доо кетирет. Бүгүнкү жыйында биздин соттордун мурдагыдай эле саясий заказдар менен алек болуп, күн карама болуп жатканы жана сотторду, укук коргоо органдарын реформалоо маселеси кайра чыгып жатканы айтылды.

Казакстандык блоггер жана активист Муратбек Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

Ал Казакстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогондугу үчүн айыпталган. Казакстанда ал уюм ушул жылдын 18-мартында экстремисттик деп таанылган. Казакстандын мыйзамдарына ылайык эгер Тунгышбаев өз өлкөсүндө күнөөлүү деп табылса, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алып, бирок Тунгышбаевдин жактоочулары ал токтомду жокко чыгарууну талап кылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. Натыйжада судья Чыңгыз Адамкулов 25-июнда арызды четке кагып, башкы көзөмөл органынын токтомун күчүндө калтырды.

Соттун чечими кассациялык түрдө же мындайча айтканда сот залында күчүнө киргендиктен, аны Казакстанга өткөрүп берүүгө жол ачылды. Бул тууралуу Тунгышбаевдин жактоочусу Замир Жоошев “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- "Кассациялык тартипте даттанса болот" деп айтты. Бул болсо "сот өкүмү күчүнө кирет, эртең Казакстанга берип салабыз. Даттана бергиле" деген сөз. Кийин анын чечими жогорку инстанциядагы соттордо жокко чыгарылса деле, практика жүзүндө Тунгышбаевди кайра Кыргызстанга кайтарып алууга мүмкүн болбойт. Ошондуктан даттанабызбы, даттанбайбызбы - Тунгышбаевдин абалы оор жагдайда калды. Мыйзамсыз чыкты, 100 пайыз. Биздин келтирген далилдерибизге эч кандай баа берилген жок. Биз жогорку инстанциядагы сотторго, андан кийин эл аралык сотторго кайрылганга аргасызбыз.

Тунгышбаевдин жактоочусу Замир Жоошев учурда Бишкек шаардык сотуна Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу жана аткарбай туруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылганын кошумчалады. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Шаршеналиева Муратбек Тунгышбаев учурда Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайда экенин жана эгер ал экстрадициялана турган болсо, процедуралар бери дегенде бир айга созуларын “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр ал бизде. Экстрадиция маселеси Башкы прокуратура аркылуу чечилет жана анын процедуралары көп. Ал бир-эки күндө эле кетип калбайт. "Кайсы күнү которобуз, кайсы күнү келип алып кетесиңер?" деп эки тарап макулдашат. Эки өлкөнүн өкүлдөрү анын баарын почта аркылуу кат жазышып такташат. Ага бери эле дегенде бир айдай убакыт кетет.

Сот укук коргоочуларды колдогон жок

Сот укук коргоочуларды колдогон жок

Жактоочу тарап Муратбек Тунгышбаев Кыргызстандан башпаанек сурап, “качкын” макамын алууга укугу бар экенин айтып, бирок кыргыз тарап ал укуктардын аткарылышын камсыз кылбай жатканын жүйө келтирди. Мыйзамга ылайык “качкын” макамын алыш үчүн бозгунда жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкери менен баарлашышы шарт. Анткени менен Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнө Тунгышбаев менен жолугуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес.

Соттук жыйынга катышкан укук коргоочу Рита Карасартова сот ишти кылмыш иши катары карабай турганын, бирок чечим чыгарып жатканда Жазык-процессуалдык кодекске таянганын айтып нааразы болду:

- Сот экстрадицияны туура деп чечип, “Кылмыш-процессуалдык кодекстин 131-беренесине ылайык ага каршы арыздансаңар болот” деп койду. Анда "тергөө-иликтөө иштери жүрүп жаткан жерден арызданса болот" деп турат. Бул "Казакстанга барып арыздангыла" деген эле кеп. Эң башында карап жатканда "бул кылмыш иши эмес, прокуратуранын жазган сунуштамасын карап жатабыз" деп башташкан. Аягында кодекске таянып башаламан чечим чыгарып койду. Мындай болбошу керек.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген. Соттук отурумга Тунгышбаевдин апасы жана жубайы да катышты.

Тунгышбаев Кыргызстанга алгач 2012-жылы кирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу боюнча кайрылган. Бирок ал кийин Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу арызы каралбай калган. Кийин ал 2014-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Качкын макамын алуу боюнча арызын ал бул жолу Мамлекеттик миграция кызматына 2018-жылдын 15-майында берген.

Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы маалыматына ылайык 189 киши Кыргызстанда качкын макамын алып, башпаанек тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.