Буга чейин ушундай эле негиз менен мурдагы мэр Албек Ибраимов да көрсөтмө берген эмес. 4-ноябрдагы соттук жараянда Кулматов Кыргызстанда сот системасы кризисте экенин, бул тармакта башаламандык болуп жатканын айтып сындады. Юристтер шек саналып жаткан адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканга укуктуу экенин, бирок судья өкүм чыгарарда түйшүк жаралышы мүмкүндүгүн айтып жатышат.
4-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды. Бул жолку жараянда Кулматов шек саналып жаткандардын ичинен эң акыркысы болуп суракка алынмак. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарев буга чейин Албек Ибраимов да көрсөтмө бербегенин айтып, анын себебин мындайча түшүндүрдү.
- Ибраимов Албек Сабырбекович менен Кулматов Кубанычбек Кеңешович сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартуусун алар сотто актангысы келбегени, соттук жараяндын жүрүшүндө ансыз да баары белгилүү болуп калганы менен түшүндүрүштү. «Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн актанбашы керек» деп жатышат. Сотто айыптоочу тарап алардын пайдасына көрсөтмө берет деген күбөлөр да андай кылышкан жок, - деди Слесарев.
Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 млн. долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Калыс-Ордого 600 орундуу мектеп салыш үчүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдогон кытайлык ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасынан тышкары, Бишкектин шаардык бюджетинен 114 млн. сом сарпталган. Башкы көзөмөл органы өкмөт 2 млн. долларга 1000 орундуу мектеп курмак деп эсептейт.
Калыс-Ордо конушундагы билим берүү мекемеси Кубанычбек Кулматов 2014-2016-жылдары Бишкектин мэри болуп турган учурда салынган.
Мурдагы калаа башчысы Кулматов коюлган айыпты толугу менен ойдон чыгарылган деп, сот бийлигин сындады.
-Сот системасында реформа же башка жылыштар жок. Сиз, судья сот системасындагы бул кризиске жөн гана сырттан көз салуучу эмес, ага салым кошуп жаткан адамсыз. Кудайдан коркуш керек да. Соттогу азыркы башаламандык канчага чейин уланат? Прокурорлор коюлган айыптын баары жалган экенин билип туруп, канчага чейин ушинтип отура беришет?
Кулматов мектептин курулушу үчүн кытайлык компания Бишкек мэриясына акча бөлбөгөнүн, каржылоо ошол жактан түз эле мектептин курулушуна төлөнгөнүн айтып келет. Ушундан улам ал акча мамлекеттик бюджетке түшпөй, тендер да өткөрүлбөй эле курулуш иштери башталганын белгилейт. Ал эми Кулматовдон кийин мэрлик кызматка келген Албек Ибраимов да «мектеп курулушунан акчанын өөнөлүшүнө катышы бар» деп шек саналууда.
Ибраимовго андан тышкары «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 млн. сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Ленин райондук сотунун чечими менен экс-мэрлердин иштери бириктирилип каралды. Башта Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, кийин ал Кулматовго байланыштуу иш менен уланды.
Акыркы учурларда тергөөдө, кийин сотто да көрсөтмө берүүдөн баш тарткан окуялар арбыды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөдө көрсөтмө бербегенин, кийин сотто да суроолорго жооп бербей турганын айтышкан. Атамбаевдин камактагы жан сакчысы Канат Сагымбаев да тергөөнүн суроолоруна жооп бербей жатканы кабарланган.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов мындай учурда сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянууга туура келерин билдирди.
- Көрсөтмө берүүдөн баш тартып коюу бул соттолуп жаткан адамдын укугу. Бирок иш боюнча суралып жаткан күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайт. Себеби ал үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошон үчүн судья иш боюнча жыйналган далил материалдарды, башка адамдар берген көрсөтмөлөрдү иликтеп анан өкүм чыгарышы керек.
Мурдагы мэрлердин иши боюнча сотто буга чейин экс-премьер-министрлер Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, 2014-жылы билим берүү тармагын жетектеп турган Канат Садыков суралган.
Юрист Кайрат Осмоналиев шек саналып жаткандардын сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышы чечим чыгарууда кандай түйшүк жаратары тууралуу буларга токтолду:
- Айыпталуучу «мен күнөөлүү эмесмин» деп, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартып койсо чечим чыгарууда сотко кыйын болот. Бирок судья баары бир экспертиза болобу же көрсөтмөлөрдүн негизиндеби далилдердин базасын түзөт да. Айыпталуучунун эч кандай көрсөтмө бербей коюшу судья үчүн оор, эгерде сотто далилдер жетиштүү болсо бул ишти жеңилдетет.
Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы, мектепти салган компаниялардын жетекчилери болуп баш-аягы 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. Алардын ичинен мурдагы эки мэр менен дагы үч адам камакта.
Сот дүйшөмбү күнкү отурумда Кулматов, Ибраимов жана абакта отурган дагы үч кишинин камактагы мөөнөтүн 2020-жылдын 6-январына чейин узартты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштары болгон мурдагы эки аткаминер 2018-жылдын жай айынан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.