Көл кайрыктары: Жети-Өгүздү ким тазалайт?

Жети-Өгүз өрөөнүндө бүгүн машина кыйма-чийме көп.

Жети-Өгүздү саякат китептери Кыргызстандагы эң кооз өрөөн деп сүрөттөшөт. Чет элдик саякатчылардын көбү бул күнөстүү өрөөндү жөө кыдырышат. Жергиликтүү тургундар тоого чыкса, көбүнчө жайыкта түштөнүп, жылуу сууга түшүшөт.
Эки боз үй тигилген конок жайында эс алуучулар көп болгондуктан, дале бээ байлап, кымыз жасап жатышыптыр. Эс алуучулар тоого чыгып кетишкен окшойт, боз үйлөр бош. Биринде төрдө комуз илинип турду. Конокторго ойноп беришет турбайбы деп ойлосом, чертилбей турган комуз экен, тепкеси да жок болуп чыкты.

Майрам кызы Мээрим менен

Конок ээси Сиездгүл да, ага каралашып, бир чети эс алганы келген эжеси Майрам да комуз ойношот экен. Майрам Динара Акулова чыккан Кара-Колго бараткан жолдогу Аң-Өстөн айлындагы мектепте ырдан сабак берет.

1968-жылы Жети-Өгүздүн сүрөтүн советтик почта маркасына басып чыгарышкан. Ал кезде шаркырап аккан суунун жээгинде карагайлуу чаптарда мал баккан малчылардын уул-кыздары бүгүн минтип туристтик боз үй тигип, конок күтүшөт.

Жаратылышка ким өч?

Күнөстүү жайыттарда көрктү бузган темир вагон же бетон курулуш түшкөн эмес. Кокту-колотто апакай боз үйлөр көздүн жоосун алат. Жаратылышта түштөнөлү деген эс алуучуларды ташыган унаалардын тынымсыз кыймылы гана жомоктогудай кооздукту бузуп турду.

Жети-Өгүздө жергилктүү тургундар көбүрөөк каттай баштагандан бери таштанды да көбөйгөн

Атчан жөөнү тааныбайт демекчи, Жети-Өгүз курортунан берки 15 чакырымды жөө басып келаткан чет элдик саякатчыларды улам чаңга көмгөн микробустар менен жиптердин терезесинен мыйыгынан жылмайган адамдардын жүздөрү көрүнөт.

Жети-Өгүз өрөөнүндө тилекке каршы таштанды көп, боз үйлөрдүн жанында эле эмес, мал оттогон жайыттарда да желим идиштер, консерва, айнек шише додолоп жатат.

Болбосо көлдүктөр үчүн туризм кирешенин башкы булагы. Сиездгүл да үй-бүлөсү менен жай бою ушул жерде. Арийне чакан бизнестин чама-чаркы да чектелүү болот экен, эти түгөнүп калгандыктан, конок алып келели дедик эле деген кишилерди куру кол узатты.

Жылуу-Суу курорту

Жергиликтүү тургундар көбүнчө көлгө түшүп, жаратылышта түштөнүшөт, бир катары жылуу булактын суусуна барышат. Жети-Өгүзгө коңшулаш Жууку жайлоосуна баруучу жолдо Жылуу-Суу курорту бар.

Советтик доордо асемделип салынып, акиташ менен акталган эбегейсиз боз үйдүн ичинде курулган бассейнде сууга түшөсүз. Боз үйдүн жанында да үстү жабылган чакан бассейндер бар. Түбү, капталы түркүн түстүү таш менен шөкөттөлгөн, эшик-терезелери жаңы арча устундардан жасалганына караганда, бул жер жакында эле ремонттон өткөн.

Жылуу-Суу курортундагы саркеч бассейн

Эки тарабындагы тоолор менен чектелген кенен короодо эки микроавтобус, он чакты Жип турду. Кезек күткөндөрдү теске салып, күнгө күйгөн кемсел кийген, башына боз кепка кондурган киши жүрдү. Ал мында кассир экенин, быйыл эле жаңыдан курортту ижарага алышканын божурады. Ал эми эс алуучулар бул жакка кышында да келишээрин, ысык суудан чыгып, тоонун шар аккан таштай муздак суусуна чумкунушаарын айтышты.

Эгер камдана келген болсоңуз, муунга даба сууга түшүп чыккандан кийин көпүрөнүн үстүнө курулган үч бурчтук жыгач кафени же суу боюндагы очок жайларын ижарага алып, аш бышырсаңыз болот.

Убарасы жок түштөнөм десеңиз, көлгө кайра тарткан жолдо ашлямфу саткан жер бар. Чайчы балдар дайрадагы муздак сууда турган чоң мис флягадан кымыз куюп беришет. Биллярдын эң кымбаты деп саналган снуукер ачык асман алдында конокторду күтүп турат.

Суунун аркы өйүзүнө гүл эгип, таш пирамидасын орнотуп коюшкан. Илгери эле Жылуу-Сууга электр жарыгы келип калгандыктан, мында электр энергиясынын маселеси чечилген.