Мечит турганда театрдан сөөк чыгарбайлы

Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театры

Маркумдар үчүн эмнеге мечит эмес, театр жайлары сөөк узатаар ыйык жайдын милдетин аткарууга тийиш?!

Өмүрү театрга басып барбаган, өмүрү театр босогосун аттабаган чоңдор көп бизде. Көбү өздөрүн өздөрү “эл жакшысы” эсептешет! Бирок алардын айрымдарынын көзү өткөндө сөзсүз Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынан же Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрынан сөөгү чыккан көрүнүштөр арбыды.

Бул тенденция бара-бара коомчулукта кадыресе көрүнүшкө айланды. Айтор, искусство храмы эсептелген маданий жайлар “похоронное бюронун” кызматын көрсөткөнүнө көндүм мамиле кылганыбыз туурабы же жокпу – коом талкуусуна сала турган маселебиз ушул.

Тирүүсүндө театр өнөрү эмне экенин көрбөгөн-билбеген чоңдорубуздун бирди-жарымынын көзү өтүп кеткенден кийин эле аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында улуттук академиялык статуска ээ театрларыбыздан сөөгү чыгып калганы парадоксалдуу!

Дагы караңыз Театрлар элдин талабын эске алат

Эгер мамлекеттик урматка татыктуу делген маркум өмүр бою айыл чарба тармагында же саламаттык сактоо тармагында, же Транспорт министрлиги, же Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөсө эмне үчүн анын сөөгү улуттук академиялык театрлардан узатылышы керек?

Макул, өмүрүн чыгармачылыкка арнаган артисттердин, дегеле театр тармагында эмгектенген адамдардын сөөгү ушул жайдан узатылсын, ал эми өмүрүндө театрга кызыгып койбогон “эл жакшыларынын” сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатын маданияттын очогу саналган жайдан узатуу акылга сыябы?

Азыр өлкөбүздө мечиттен көп эмне бар? Мечиттер бир гана беш маал намазга жыгылгандар үчүн, же жума намаздан калбагандар үчүн эле кызмат кыла турган жайбы? Башка учурда чоңдор унутта калтырган театрлар эмне үчүн алардын арасынан бирөө-жарымынын көзү өтүп кеткенден кийин эле маркумдун сөөгүн узатуучу жайга айланып баратат?! Маркумдар үчүн эмнеге мечит эмес, театрлар сөөк узаткан ыйык жайдын милдетин аткарууга тийиш?!

Аныгында, театр өзү адам сөөгүн акыркы сапарга узатууга арналган милдеттерибизди аткаруу үчүн курулган эмес! Театр – тирүүлөрдүн рухий көркөм табитин өстүрүүчү, эстетикалык ыракат тартуулоочу жай. Ал жер кошок айтылып, жакынын жоготкондор ыйын төгө турган траур аянтчасына айланбашы керек! Андай эле жоктоо митингин уюштуруу зарылчылыгы чыкса, мечиттердин алдында келген-кеткендерге кенен басып-турган аянтчалар турат, эч болбоду дегенде борбор калаабыздагы Ала-Арча көрүстөнүнө кире берген жерде атайы аянтча эмнеге бош жатат?! Ал жер так ошол биз айткан траурдык митингдерди өткөрүү үчүн атайын калтырылган бош жай го!

Дагы караңыз Бийиктикке умтулган менчик театрлар

Эң кейиштүүсү, акыркы жылдарда Улуттук драма театрыбыз менен опера-балет театрыбыздан кошок менен ыйдын коштоосунда сөөк узатуулар көнүмүшкө айланып, ушул маселе кыргыз бийлигинде отургандардын бирин да түйшөлтүп койбоду.

Дегеле Кыргызстандагыдай чоңдордун сөөгүн театрдан узатуу көрүнүшү дүйнөнүн дагы кайсы элинде бар болду экен?! Дүйнөдө кайсы өлкөдө, кайсы театр тарыхында биздегидей өз элине кызматы сиңген да, сиңбеген чиновниктердин сөөгүн академиялык искусство храмынан чыгаруу ырасмиси калыптанган?..

Албетте, маркумдун сөөгүн чыгаруу миссиясын аткаруу театр милдетине кирбейт. Бул милдетти моюнга алууну деле эч бир театр жетекчилиги каалап отурбаса керек. Тескерисинче, алардын да көкөйүнө көк таштай тийген чыгаар? Буйруктун баары Ак үй, Көк үй жактан болмоюн, театр жетекчилери деле кайсы бир аткаминердин сөөгүн театрдан узатуу демилгесин көтөрбөсө керек. Тек, алар деле театрдан чоңдордун сөөгүн чыгарганды койгула деп Ак үйдүн аткаминерлерине моюн толгой албайт. Кептин баары жогору жакта отургандарда эмеспи...

Олжобай ШАКИР, жазуучу

Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.