Экстремизмдин көрүнбөгөн кылтагы

Кара-Суу районунан теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды.

Акыркы эки айда Орусияда эки кыргызстандык терроризмге айыпталып, соттолду. Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалгандар дээрлик апта сайын катталууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын өзүндө терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун саны сегиз жылда үч эсе көбөйгөн.

Орусияда камалган кыргызстандыктар

36 жаштагы кыргызстандык Лачын Хакимов Сириядагы согушка азгырган деген айып менен алты жылга кесилди. Бул тууралуу 19-июлда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал 2015-жылы Астраханда иштеп жүрүп, ал жактагы мусулмандарды "жихадга" үндөгөнү үчүн кармалган.

Июнь айынын башында Самара облустук соту дагы бир кыргызстандык жаранды ушундай эле айып менен сегиз жылга соттогон. 23 жаштагы кыргызстандык Рахмонберди Рашидов Сириядагы согушкерлер менен байланышта болуп, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө согушка барууга даяр экенин билдиргенден кийин кармалганы кабарланган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, ИИМдин өкүлчүлүгү бул маалыматтар боюнча бул өлкөнүн тиешелүү кызматтарына суроо жиберилгенин маалымдашты.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Алардын көпчүлүгү орто билимдүү, мектепти аяктары менен кара жумушка иштегени кеткендер.

Өткөн жылы Санкт-Петербург метросундагы жардырууга шектелип, теги кыргызстандык Акрам жана Аброр Азимов аттуу бир туугандар кармалган. Акрам Азимов “эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн Орусияга кирүүсү үчүн жасалма документ жасоо менен алектенген" деп айыпталган. Бул өз кезегинде Орусиянын Сириядагы согушка киргенине жооп катары өч алуу максатында болгону айтылган эле.

Дин боюнча эксперт, "Кереге" коомдук фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулунун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жарандарды террордук уюмдарга байлап, кармап-камоо, айыптоо маселесине кылдат мамиле кылуу зарыл:

- Алардын эмне себептен кармалганы, радикал-террордук уюмдарга, аракеттерге кириптер болгонуна байланыштуу дооматтардын далилдүүлүгүн да карообуз керек. Бизде болсо маалымат гана бар. Экинчиден, Орусия Сириядагы согушка аралашкан соң, каршылаш тараптын мүчөлөрүнүн көбөйүшүн каалабайт. Албетте өз жаранынын же Борбор Азиядан баргандардын өзүнө каршы ок атышын да каалабайт. Мына ушул себептен да Борбор Азиядан барган мигранттарды текшерип, кармоо күч алышы толук ыктымал.

Террорчулар агымы коркунучтуу

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун Кара-Суу районунан теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген жаран кармалганын кабарлады. Коопсуздук комитетинин маалыматтык өкүлүнүн "Азаттык" радиосуна билдиришинче, шектүү 4-июлда кармалган:

- Ал буга чейин Сирия-Ирак аймагындагы куралдуу жаңжалдарга катышып келген. Диверсиялык-аскерий даярдыктан өткөн жана биздин өлкөдө теракт жасоого даярдык көрүп жүргөн.

Ош облусунда жыл башынан бери экстремизм багыты боюнча 56 факты катталып, 24 кишинин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары Сирия-Ирак аймагындагы согушка катышкан жана кеткен жарандардын үстүнөн 20 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Негизинен "жалданмачылык" беренеси боюнча четке, жаңжалдар болуп жаткан жактарга чыгып кеткендердин үстүнөн иш козголот. Коомго коркунуч келтирет делгендер коопсуздук кызматы менен чогуу иштердин натыйжасында кармалып жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул багытта катталган кылмыш иштери азайды. Буга Ирак, Сириядагы согуштун басаңдаганы себеп болсо керек, бирок негизинен түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, жарандарыбыз өздөрү да ал жакта туура эмес иш болуп жатканын түшүнгөнүнөн уламбы, агым азайды.

Коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча, өткөн жылы күч кызматтары Кыргызстанда 17 теракттын алдын алган. Сегиз антитеррордук операциянын негизинде эл аралык террордук уюмдардын үч мүчөсү жок кылынып, кылмыш жоопкерчилигине 95 киши тартылган. Ири өлчөмдөгү курал-жарак жана жардыргыч заттар алынган.

Адвокат: баары эле экстремист эмес

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эки миңден ашуун киши экстремисттик уюмдарга байланышы бар деп эсептелет. Ушул тапта бул багытта соттолуп, абакта отургандардын саны 200гө чукул. Экстремизм жана терроризмге айыпталып, соттолгон адамдардын таламын талашып жүргөн адвокат Акин Токталиев учурда абакта отургандардын көпчүлүгү мыйзамсыз соттолуп, камалган деп эсептейт:

- Мыйзамсыз дегеним, азыр каалаган эле бирөөнүн үйүнө, унаасына, сумкасына бир кагаз сала коюп эле "сен экстремистсиң" деп кармап, камап коюу оңой. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мыйзам боюнча эксперт боло албаса да, экспертиза кылып, жыйынтык чыгарып берип жатат. Бул да мыйзамсыз. Мен Жогорку Кеңешке бир нече жолу кайрылып, көз карандысыз эксперттик мекеме түзгүлө деген суроомо бир нече чакырылыштардан бери жооп жок.
Тескерисинче, мындай аракеттерим үчүн менин өзүмдү аз жерден "экстремист" кылып кое жаздашты.

Өткөн жумада Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты экстермизмге шектелип кармалып, камакка алынган. Ал эми Сокулук районунда музыка сабагынын мугалими экстремист деп айыпталган.

Кыргызстандын соттору тарабынан 18 экстремисттик уюмдун өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.