ЕАЭБ аймагындагы террорчулукка каршы күрөштү талкуулаган эл аралык форумда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков быйыл өлкөгө кирген ондон ашык эл аралык террорчу кармалганын билдирди:
- УКМКнын террорчулукка каршы күрөшүү тажрыйбасы эл аралык террордук уюмдар өз ишмердигин ар дайым өзгөртүп турганын көрсөттү. Террордук лагерлерде жоочулар шаарларда жана тоолордо өз алдынча аракеттенүү жолун үйрөнүп, жардыруу боюнча адистер даярдалат. Транспорттун ар кайсы түрлөрүн башкарууну, бутаны тандоону, террордук актылардын ыкмалары менен мөөнөтүн окуп-үйрөнүшөт. Кылмыштуу максатын ишке ашырыш үчүн эл аралык террордук топтор эл көп топтолгон жерлерде мыкаачылык аракеттерди жасаган жанкечтилерди жигердүү колдонот. Бүгүнкү күндө террорчуларда колдо жасалган жардыруучу заттар гана эмес, курал-жарактын түрү жана башка каражаттар, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар, аңчылык, атылбас куралдар да бар. Эл аралык террордук топтордун башчылары массалык кырып-жоюучу куралга ээ болууга умтулууда. Кыргызстан террорчулукка каршы күрөштө Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ), Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмундагы (ЖККУ) мамлекеттер жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантууда. Ошондой эле террорчулукка каршы катуу күрөш жүрүп жатат. Буга чейин террордук тапшырмалар менен Кыргызстанга жиберилген ондон ашык жоочу кармалды.
Асылбек Кожобековдун маалыматына караганда, биргелешкен контртеррордук операциялардын натыйжасында кыргызстандык жана орусиялык атайын кызмат өкүлдөрү Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында төрт террордук актыга бөгөт коюшту.
Анын айтымында, жоочулар бул шаарларда быйыл 9-майдагы "Өлбөс полк" акциясында чабуул коюп, метродо жана жаңы жыл майрамдарында жардыруу уюштурууну көздөп, бирок ал максаты ишке ашкан эмес.
УКМКнын расмий билдирүүсүндө Сирия менен Иракта ар кандай террордук топтордун катарына тартылган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашканы айтылат.
Кыргызстандагы "Пикир" эксперттер клубунун өкүлү Жумакадыр Акенеев иш жүзүндө алардын саны мындан алда канча көп экенин белгилеп, террорчулукка каршы күрөшүүгө чоң суммада каражат керек деген ойдо:
- "500дүн тегерегинде" деген маалымат айтылып жүрөт. Бирок чынында алардын саны эки-үч миң деген кабар бар. Мүмкүн, алар азыр Сирияда эмес, Оогастанда. Биздин экономикабыз начар болгондон кийин алдын-ала чараларды көрүшүбүз керек. Буга ЕАЭБге кирген мамлекеттер чогуу акча бөлүшү зарыл. Ошол эле Орусия, Беларус дегендер. Себеби, алар алыс болгону менен террорчулук көйгөйү кайда болбосун бат эле жетет.
Жыйында айрым эксперттер "террорчулукка каршы күрөштүн натыйжасы анча эмес" деген пикирлерин айтышты.
Коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыковдун пикиринде, Кыргызстанда азыр абал туруктуу. Бирок террордук топтордун тынымсыз аракеттерин эске алуу менен аларга каршы күрөштө баарына даяр болуш керек:
- Албетте, Кыргызстандын күч органдары аракеттенип жатат. Бирок маселе жалаң гана аракетте эмес. Күч органдарында кесипкөй офицерлер, эксперттер иштеши керек. Экинчиден, куралдуу күчтөрдүн техникалык жабдуусу чечилиши зарыл. Үчүнчүдөн, коңшу мамлекеттер менен тыгыз иштөө абзел. Мен бул маселе боюнча ар кайсы мамлекеттерге тез-тез барып сүйлөшөм. Эксперттер менен күч органдарынын өкүлдөрүндө бири бирин жакшы түшүнгүдөй, жакын аракет жок. Көп жылдан бери сүйлөшүп келатабыз. Бирок алигиче тиешелүү деңгээлде чогуу, тыгыз иш жүргүзүлө элек. Сөз жүзүндө калып жатат. Конференцияларда козголот. Өкмөт башчылары айтышат. Кыргызстанда азыр абал тынч. Ушундай тынч болуп турганы эле жакшы. Бирок террордук күчтөр, аларды колдогондор да жөн жаткан жок. Ошондуктан, бул маселеге көңүл буруп, баарына даяр болуш керек.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Чыныбай Турсунбеков диний экстремизм, террорчулук жана Кыргызстандагы социалдык маселелер бири-бири менен байланышта деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекеттик деңгээлдеги террорчулукка каршы күрөш тынымсыз жүргүзүлүп келе жатат:
- Негизи көп маселе бири-бирине байланышкан. Коопсуздук кеңеши бул багытта бир топтон бери эки багытта иш жүргүзүп келатат. Биринчиси - өлкөгө сырттан келген коркунучтарга бөгөт коюу. Ооганстан эле эмес, Сирия жана башка өлкөлөргө аялдары, балдары, үй-бүлөлөрү менен кеткендерди көрүп жатабыз. Ага бөгөт коюу багытында иш жүргүзүп келген. Чек араларды бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Андан тышкары элдин жашоо-турмушун оңдоо бул маселелерди азайта турганын жакшы билебиз.
Форумда Борбор Азияга террорчулуктун эпкини Ооганстандан келип жатканы, Сириядан, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан туулган коркунуч олуттуу экени белгиленди. ЕАЭБдин аймагында террорчулук менен экстремизмге каршы күрөш, ар кандай чакырыктарга каршы туруунун жаңы механизмдери зарыл деген пикирлер ортого салынып, сунуш-пикирлердин негизинде документ иштелип чыкмай болду.
Айрым эксперттер элдин террордук топторго азгырылышынын алдын алыш үчүн аларга диндин туура багытын түшүндүрүү жана билимдин сапатын жогорулатуу керек экенин белгилешти.
Жыйынды "Пикир" эксперттер клубу, Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши, "Альфа" аскердик бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер биримдиги, "Евразиялыктар - жаңы толкун" фонду уюштурган.
Кыргызстанда "Хизб-ут Тахрир", "Талибан", "Ислам мамлекети", "Түркстанды бошотуу кыймылы", "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ал-Каида" сыяктуу 20дай уюмдун, айрым диний агымдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. УКМК кийинки жылдары бул топторго мүчө болгону кеп болгон адамдар кармалганын байма-бай кабарлап келет.