Тендер чыры: IT адистери бийликке нааразы

Айрым IT адистер Кыргызстандагы санариптештирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтып чыгышты. Муну Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчисинин камалышына байланыштырып, мындай окуялардан кийин дасыккан адистер мамлекеттик кызматка иштөөдөн баш тартышарын эскертишүүдө.

Камалгандардын бири Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы 34 жаштагы Данияр Бакчиев Кыргызстандагы бир нече окуу жайды бүтүргөн жана Жапониядан билим алып келген.

Анын апасы Райхан Мамытова жалгыз уулунун мамлекетке кыянаттык кылганына ишенбейт.

“Жапонияга иштегени кетем деп жүрчү. "Жалгыз бала болсоң” десем, көңүлүмдү кыйбай калып калган. Азыр аны кетирбей алып калганыма аябай өкүнүп турам. Балам Кыргызстанды өнүктүрөм деп ойлогон. Мамкаттоодо иштегенине жарым жылдай болду, эртең менен жетиде кетип, кечинде он бирде келчү. Эми канатын кайрып туруп камап коюшту. Англис, орус тилдеринде суудай сүйлөчү. Чынчыл баламды камап койгонуна күйүп жатам”.

Дагы караңыз Жетекчилер Жээнбековдон тил укту

​Белгилүү IT ишкер, Кыргызстандын Программисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири - Азис Абакиров Мамкаттоонун камалган кызматкерлеринин таламын талашууда.

Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, Санариптештирүү боюнча президенттин алдындагы кеңештен өз ыктыяры менен чыкканын жарыялады.

Анын пикиринде, маалыматтык технологиялар жаатында ири долбоорлорду ишке ашырган адистердин камалышы, Кыргызстандагы IT тармагынын өнүгүшүнө сөзсүз терс таасирин тийгизет.

“Өлкө башчысынын унчукпай отурганы таң калтырды. Президенттин алдындагы кеңештин мүчөсү камалып жатат болбосо. Биз эми өлкөдөгү санариптештирүүнүн натыйжасы кандай болорун түшүнүп жатабыз. Азыр мен эч нерсе деп айта албайм”.

Дагы караңыз Паспорт тендери боюнча иш козголду

Азис Абакировдун айтымында, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын камалган башчысы Талант Абдуллаев өлкөдө биометриканы киргизүү, электрондук шайлоо, электрондук сатып алуу системасы, ачык бюджет, “Коопсуз шаар” жана башка долбоорлордун башында тургандардын бири.

Президент 2019-жылды “өлкөнү өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялап, Интернетти ар бир айылга жеткирүү, мамлекеттик системаны санарипке өткөрүү аракети кызуу жүрө турганын айтып келет.

Айрым эксперттердин пикиринде, өкмөттүн системасында маалыматтык технологияларды түзүүгө катышкандардын мындай тагдырынан кийин жаш, кесипкөй адистердин мамлекеттик кызматка болгон ишеними жоголот.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев мыйзам алдында бардык кызматкерлер бирдей экенин эске салды.

Шаршембиев өлкөдө санариптештирүү системасы ырааттуу жүрүп жатканын белгилеп, мамлекеттик долбоорлор кайсы бир адамдарга көз каранды эмес экенин билдирди.

“Биринчиден, мыйзам алдында баары бирдей. Адистер көп эле, биз жол картасынын негизинде иштеп жатабыз. Ал жерде “Инфоком” ишканасынан башка дагы беш ишкана бар. Алардын адистери эч кимге кайрылуу жазган жок. Санариптештирүү токтобойт”.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамкаттоонун камалган кызматкерлери тендер өткөргөн учурда мыйзам бузууга барганын бышыктап жатат.

Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов иликтөө иштери мыйзам чегинде жүрүп жатканын, шектүүлөрдүн камакка алынышы Мамкаттоо мекемесинин ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбесин билдирди.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тендерден утуп чыккан компания өкүлдөрү менен Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин кандайдыр бир байланышы жана тиешеси бар экени аныкталды. Бул камоолор мекеменин ишине эч кандай таасир этпейт, башкача айтканда, паспорттор өз убагында берилет десек болот. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде өтүп жатат”.

Мамлекеттик каттоо кызматынын негизги үч кызматкеринин тендер чырына байланыштуу камалышы боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес. Бир тарабы камалгандарды колдоп чыкса, аларды сындагандар тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн саясий боёк сүртпөөгө чакырууда.

Дагы караңыз Жаш кадрлар агымга каршы сүзө албады


Саясий окуяларга сереп салган блогер Азим Азимовдун көз карашында, акыркы окуялар мамлекеттик кадр системасына терс таасирин тийгизбей койбойт.

“Мамкаттоодогу эле окуя эмес, буга чейинки ушуга окшогон окуялар терс таасирин тийгизет. Мен тааныган жаш кадрлар мамлекеттик кызматка барбайбыз деп айтууда”.

17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.