Текебаевдин иши августка калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Бүгүнкүгө белгиленген соттук териштирүүгө партиянын айрым мүчөлөрү, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, айыпталуучулардын жакындары гана киргизилип, журналисттер менен айрым тарапкерлер сыртта турду.