Текебаев-Чотонов соту: күбөлөр суралып бүттү

Текебаев-Чотонов сотунда бул күнү күбөлөр суралып бүтүп, ишти тергөө башталды.

Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин кароону улантты. Сотто көрсөтмө бергендердин арасында чуулгандуу видео жана аудиотасмадан кийин күбө катары кайрадан чакыртылган саясатчы Азимбек Бекназаров да бар.

Бишкек шаардык соту Текебаев-Чотонов иши боюнча жалпысынан 20га чукул күбөнү сурады. 12-сентябрдагы отурумда Убактылуу өкмөттүн курамында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган Кеңешбек Дүйшөбаевдин райондук сотто берген көрсөтмөсү жазылбай, ишке тиркелбей калган деген негиз менен кайрадан көрсөтмө берди.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Дүйшөбаев 2010-жылы сотто кеп болуп жаткан мезгил аралыгында экономика тармагын Алмазбек Атамбаев караганын, кийин коопсуздукту да көзөмөлүнө алганын, Текебаев конституциялык реформа боюнча жооптуу болгонун айтты. Ошондой эле ал 13-майда өткөн жыйынга Текебаев да, Чотонов да катышканын билдирди:

- Ошол мезгилде "Мегаком" боюнча дагы көп эле маалымат болуп жаткан. Алар боюнча доклад берип, Башкы прокуратурага, тергөө органдарына маалыматтарды жиберип турганбыз. Мен иштеп жаткан мезгилде "Мегакомдо" кызыкчылыгы бар, кандайдыр бир аракеттерди жасап жатат деп Текебаев же Чотонов боюнча бир дагы ыкчам маалымат келген эмес. Эгер алардын кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо биз маалымат алмакпыз жана чара көрмөкпүз деп ойлойм. Анткени экономикалык коопсуздук багытында биздин контрчалгындоо позицияларыбыз күчтүү десем болот. Көп нерселерди билгенбиз, билчүбүз.

Ушул эле отурумда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров райондук сотто берген көрсөтмөсүнөн кийин чыккан чуулгандуу аудио жана видеотасмага байланыштуу кайрадан көрсөтмө берди:

- Биринчи май райондук сотунда берген көрсөтмөмдү кудай алдында да, Конституция жана абийирим алдында да кайталай алам, тиги дүйнөдө болсо да, уктатып тургузса да ошону айтам. Мындан башка чындык жок. Бекназаров калп айтты деп Ташиев экөөбүздү видеого коюп, монтаждап алып чыкканы жакшы эмес. Ташиев экөөбүз акыркы үч жылда бетме-бет отуруп сүйлөшө элекпиз.

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

16-августта интернетке жарыяланган жарым сааттык видеотасмадан саясатчы Азимбек Бекназаровдун журналисттерге берген маегинен кийинки ээн-эркин сүйлөшүүсүн көрүүгө болот.

Азимбек Бекназаров айтып жаткан аудиотасмада ал Текебаевге байланыштуу райондук сотко туура эмес көрсөтмө бергенин "Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге айтып жаткандай ой жараткан. Муну эки саясатчы тең кийин төгүндөп, монтаж деген. Көп өтпөй comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова менен ушул эле темадагы видео маек интернетке тараган.

Муну УКМК Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизага таянып, кылмыш ишин козгогон.

Бекназаров бул аудио, видеотасмада катышкан Камчыбек Ташиев менен Рыкунованы да чакырып суроо керектигин айтты. Ошондой эле ал жети жылдан бери бул ишти эмнеге тергебей, козгобой турганына кызыкты. Анын айтымында, апрель окуясынан кийинки тергөөдө мурдагы бийликтин өкүлдөрү Алексей Елисеев, Максим Бакиев, Евгений Гуревич баш болгон 16 киши "Мегакомдогу" орусиялык компаниянын акцияларын тартып алганы аныкталган.

Кийин орусиялык ишкана 49 пайыз акциясын Кыргызстанга берүүгө даяр экенин айтышкан.

- 49 пайызын өз ыктыярлары менен берип жаткандыктан аны ала алабыз, калган 51% кылмыш иштин негизинде Елисеевдикиби ал же орусиялык компанияныкыбы же башкалардыкыбы соттор аныктасын дегенбиз. Ошондо Убактылуу өкмөттүн көпчүлүгү колдоп 44-декрет (улутташтыруу жөнүндө) кабыл алынган. Аны менен негизинен мен алектенгем жана Башкы прокуратура иштеген.

Кылмыш кодексинде сотто атайылап жалган көрсөтмө бергени үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бекназаров президенттикке талапкер болуп катталгандыктан шайлоо жараяны бүткөнчө аны ​кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Ушундай эле арызды айыпталуучулардын адвокаттары да беришкен.

5-сентябрь, 2017-жыл

Юристтер эки саясатчынын ишин караган шаардык соттун өкүмүндө деле көп өзгөрүүлөр болбойт деп боолголоп жатышат. Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов шаардык сот ишти биринчи инстанциядагы эреженин негизинде карай турганын белгиледи.

- Тажрыйбада, статистика жагынан алып караганда көп учурда, 40 пайызында мурдагы чечимдерди өзгөртүүсүз калтырат. Кээ бир учурда анча-мынча, кандайдыр бир бөлүмүндө өзгөрүп калышы мүмкүн. Айрым учурда мурады чечим толугу менен жокко чыгарылып, жаңы чечим чыгарылышы мүмкүн. Мындайлар өтө аз деп айтуу кыйын, бирок өтө мыйзамсыз, туура эмес чечимдер чыгып калган учурда жаңы чечим чыгып калышы мүмкүн. Ал эми Текебаев-Чотонов боюнча кандай болорун айта албайм.

Буга чейин орусиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Ал эми айрым күбөлөр 2010-жылы 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун белгилешкен. Ошол себептүү бул дата соттук процессте көбүрөөк айтылууда.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура куугунтук жок экенин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.