Театрдагы чырдын көшөгө артындагы себеби

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чыр артисттердин маяна маселесин, социалдык көйгөйлөрүн күн тартибине алып чыкты. 6-мартта сахнага чыгуудан баш тарткан балет артисттеринин бири Фарух Садыркулов жумуштан кийин такси айдап акча табат. Ал буга театрдан алган 10 миң сом айлыгы эч нерсеге жетпей турганын жүйө келтирди.