1997-жылы Ленинграддын Ленин проспектисиндеги аялдамада жатаканага баруучу 433-автобусту күтүп тургам. Аңгыча автобус келип эшиктери ачылганда арт жагынан секирип кирип эле абдаарып туруп калдым.
Бет маңдайымда даңазалуу ырчы Болот Миңжылкиев турган. Мен ага окуудан чыгып, Василий аралчасындагы жатаканага баратканымды айттым.
Ал-жайын сурасам "Репетициядан чыктым. Аба майданына баратам, буюрса Бишкекке учам”, - деди. Экөөбүз сүйлөшүп жатканда сары кашка автобус мен түшө турган аялдамадан өтүп кетиптир.
Билетимди чаптырып, сапарды андан ары уланттык. Оюмдун баары - Болот ага менен баарлашуу. Анткени ал ойногон спектаклге барып, бирок Мариинский театрына кире албай койгом.
Кара жолдун эки тарабы орустун мейкин талаасы. Жаз жаңы келип, айлана ажайып кооздукка бөлөнүп турган.
Тез эле “Пулково” аба майданына келип калдык. Болот аганын жанында продюсер болуп иштеген келин бар экен. Ал билет алганы чуркап кетти.
Ошол күнү театралдык институттан стипендия алып, рубль чөнтөгүмө батпай сүйүнүп тургам. Кыргыздын маңдайында бүткөн талантты сыйлап койгум келди.
Карасам, Болот аба экинчи кабаттагы чоң терезелердин жанында шаарга көз чаптырып турган экен. Кабагы салыңкы көрүндү, ичимен жашында жайран болгон жалгыз уулу Миратты, Бишкекте жалгыз калган жубайы Рейнаны эстеп жатабы деген ой кетти.
“Болот ага жүрүңүз, тиги буфетке кирип, биртике шам-шум этип алалык” дедим эпилдеп. Ал мага таң кала карап алып анан артымдан ээрчиди. Буфеттен бош орундардын бирин ээледик. Май токоч, жумуртка, нан, таттуу токоч, бутерборд, кофе заказ кылдым. Орус арагынан 100 граммдан эки идишке куйдуруп алдым. Алгандарымды көтөрүп келсем Болот ага “ булар го булар, алигиң эмне?” деп күрүлдөдү.
“Жол жүрөрдө мындан сеп этип алсаңыз, жакшы жетесиз”, - деп тамактана баштадык.
Мен аты-жөнүмдү, ЛГИТМиКте стажировкада жүргөнүмдү айтып, өзүмдү тааныштырдым.
“Болот аба, сиздей улуу адамды урматтап узатуу биздин парзыбыз, аман-эсен жетип алышыңыз үчүн алып коелук”, - дедим идишти көтөрүп.
Болот ага ошондо “Жо-ок иним, мен улуу эмесмин, менин өнөрүмдү баалаган Ленинграддын эли, окемдер улуу”, - деди тамаша-чыны аралаш.
Ичимдик кырк тамырды аралагандан кийин Болот аба чечилип сүйлөп берди. Көрсө эгемендик алгандан кийин Кыргызстан маданиятка көңүл бурбай коюп, кайран талант бук болуптур. Материалдык жактан каржалып турганда Ленинграддагы кесиптештери чакырып калып бир сыйра кийими менен эле Орусияга аттана бериптир.
Экөөбүз чыгармачыл адамдардын абалына кейип, арманыбызды көпкө айтыштык. Баягы Шекспирдин “Асман ачык, жер дүлөй, арманымды ким угат?” дегениндей болдук.
Продюсер учакка каттоо жүрүп жатканын айтканда ордубуздан туруп, коштоштук.
Мен ошондо Болот Аганы акыркы жолу көргөнүмдү аңдабапмын. Узатып жаткандагы анын жазы маңдайы, кусалуу көздөрү алигүнчө эсимде.
Ошондон көп өтпөй гениалдуу опера ырчысынын жүрөгү Санкт-Петербург шаарында токтогонун уктум. 1997-жылдын 16-августу болчу. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Кечээ, 21-апрелде өткөн Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера өнөрүнүн IV фестивалы тээ качанкы окуяны эске салды. Болот ага тирүү болсо ушул сахнада өзү турат беле деген ой кетти.
Фестивалдын соңу 25-апрелде Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктарын жаңылыктан окуп калдым. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты вокалисттери катышып жатат.
Бүтүндөй кыргыздын сыймыгы болгон, бас үндүү инсандын урматына өтүп жаткан бул маданий майрамга өзүн мекенчилмин деп эсептеген адамдар барат деген ишенимдемин. Анткени Болот Миңжылкиев чыныгы кыргыз уулу болчу. Ала-Тоону байырлаган элинин маданиятын дүйнөгө тааныткан.
Алакандай мекендин бүгүнкү абалын карап туруп Болот Миңжылкиевдей мыкты уулдар көп болушун тилейм.