Өкмөт электрондук кызматты ишке киргизет

Кыргыз өкмөтү "Таза коом" программасынын алкагында түзүлгөн Мамлекеттик электрондук кызматтар порталын ишке киргизди.

Жаңы өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагында түзүлгөн Мамлекеттик электрондук кызматтар порталынын бет ачары вице-премьер-министр, маркум Темир Жумакадыровду эскерүү менен башталды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик кызматкерлерге, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө жана жогорку технологиялар жаатында иш алып барган компанияларга порталдын структурасын жана колдонуу ыкмасын түшүндүрдү. Элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн электрондук жолун ишке ашырууну замандын талабы деп билдирди:

- Азыркы заманда өкмөт өзүнүн ишинде жаңы технологияларды колдонбосо мамлекеттин өнүгүүсү артта калары анык. "Таза коом" биздин жарандардын турмушун жеңилдетүү үчүн кызмат кылат. Биз коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала жоюп, мамлекеттик органдын өкүлү менен жарандын же бизнес өкүлүнүн байланышын электрондук форматка өткөрүшүбүз керек.

Премьер-министрдин айтымында, жогорудагы документтерди эми үйдөн чыкпастан эле алууга жана бюрократия тобокелдигин жоюуга шарт түзүлөт.

Сапар Исаков өзүнүн жаңы үлгүдөгү жеке паспорту менен электрондук түрдө паспорт алууга арыз толтуруп, иш-чаранын катышуучуларын жаңы үлгү менен тааныштырды. Бет ачардын соңунда портал аркылуу никеге туруу арызын толтурган Чыңгыз жана Гүлзат аттуу эки жашка өкмөт башчы гүлдесте берип, алардын 11-ноябрга катталган нике күбөлүгүн алуу аземине катышарын убада кылды.

Portal.tazakoom.kg деген мамлекеттик электрондук портал төрт багытта кызмат көрсөтөт. Алар ЗАГСтан никеге турууга арыз берүү же күбөлүк, паспорттук кызматтан паспорт, кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө жана мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдамаларды алуу. Сапар Исаковдун айтымында, жогорудагы документтерди эми үйдөн чыкпастан эле алууга жана бюрократия тоскоолдугун жоюуга шарт түзүлөт.

Ошол эле учурда электрондук кызматты колдонгусу келгендер мамлекеттик төлөмдөрдү да электрондук түрдө “ЭлСом” электрондук капчыгы аркылуу же банктын карталары менен кылуусу керек.

Порталдын түзүүчүлөрүнүн бири, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев бул жагдай эч кандай кыйынчылык жаратпайт деп ынандырды.

- Азыр эгер жарандын "ЭлСом" электрондук капчыгы жок болсо, анда "ЭлКарт" банктын картасы бар болушу мүмкүн. Анткени азыркы убакта көптөгөн биздин жарандарыбыз "ЭлКартка" өзүнүн маянасын же пенсиясын салат. Бул порталда төлөмдөрдү бир гана "ЭлСом" менен кабыл албайт. Порталда электрондук төлөмдөрдү алуу системасы да ишке кирди. Ал жерде VISA, MasterCard же "ЭлКарт" менен төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Порталда видеороликтер бар. Биздин жарандар ошолорду көрүп, иштегенди үйрөнөт.

Иллюстрация

Электрондук порталдын кызматтарын толук колдонуу үчүн биометрикалык паспорт, андагы микрочипти окуп, базага киргизе турган карт-ридер жана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн электрондук капчык же банктын картасы болушу керек. Учурда карт-ридердин баасы бир доллардан төрт долларга чейин турат.

Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү, IT жаатында иш алып барган Азиз Абакиров дүйнөнүн өкмөттөрү эчак эле электрондук системаны өздөштүрүп алганын жана электрондук порталдын чыгымдарынан жарандар чочулабай эле койсо болорун айтты:

- Мунун баарын ишке киргизүү керек. Бүт дүйнө муну ишке ашырган. Биз керек болсо кечигип жатабыз. Азыр эл карт-ридерлерди сатып алат турбайлыбы деп балким акчасынан чочулашы мүмкүн. Бирок эгер чын эле аталган кызматтар электрондоштурулса, аны сатып алуу маселеси чоң көйгөй жаратпайт. Азыркы күндө биометрикалык технологиялар баарына эле жеткиликтүү болуп калбадыбы. Ал көп суммадагы каражатты деле талап кылбайт.

Учурда өлкөдө ачылган 363 маалымат түйүнү “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн жана айдын аягына чейин дагы 69 маалымат күркөсү ачылары күтүлүүдө. Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөт алдыдагы беш жылда өзү сунуштаган "Жаңы доорго кырк кадам" программасы, "Таза коом" долбоору аркылуу өлкөнү өнүктүрөрүн убада кылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.