Өкмөттүн "Таза коом" программасын ишке ашыруунун алкагында "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын курамына өткөрүлдү. Мындай кадам калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана алардын географиясын кеңейтүү максатында жасалганы жарыяланды.
"Документти үйгө жеткирип беребиз"
Эми жер-жерлердеги ар бир почта бөлүмчөлөрүнүн базасында калкты тейлөө борборлору ачыла турган болду. "Кыргызпочтасынын" өлкө боюнча 900гө чукул почта түйүнү бар. Учурда 453 айыл аймагындагы почта бөлүмчөсүндө калкты тейлөө кызматтары ачылып жатканы кабарланды.
Өкмөт эки мекеменин милдетин бириктирүү менен калктын убактысын жана жол чыгымын үнөмдөөнү көздөп жатканы көрсөтүлдү. Анткени ал документтерди алуу үчүн жарандар алыскы айылдардан район борборлоруна же шаарларга келип, убарагерчилик тартып келген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев мындай абалды жеңилдетүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын айтты:
- Жаран бизге докумкент алуу үчүн электрондук арызын калтырып жаткан учурда ал кошумча почта кызматын талап кылса болот. Анан документ даяр болгондо ошол жерде өзүнүн көрсөткөн дареги боюнча почта кызматкерлери аны мына ошол дарек менен жеткирип бере алат. Бул кызмат көрсөтүүнү биз азыр он күн аралыгында даярдап бүтүп, өлкөдөгү бардык почта бөлүмчөлөрү боюнча жайылтабыз. Бул маселени уюштуруу боюнча учурда жер-жерлерде тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.
"Кыргызпочтасынын" Мамкаттоонун карамагына өтүшү менен жергиликтүү почта бөлүмдөрүндө жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, нике күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилип, жеке номурларды алуу үчүн арыздар кабыл алынат.
Анткен менен саясий чөйрөдө өкмөттүн бул демилгесин сындап чыккандар болду. Себеби алардын айтымында, өкмөт соңку мезгилде Мамлекеттик каттоо кызматына ага тиешелүү эмес кызматтарды жүктөй берип, аны башаламан түзүмгө айлантып жиберди. Мында айрыкча "Кыргызпочтасын" байланыш тармагынан алып, каттоо органына өткөрүү түзүмдүк жана каржылык жактан өзүн-өзү актабай турганы белгиленди.
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мамлекеттик түзүмдөрдөгү орун которуштурууну кезектеги "эксперимент" катары сынга алды:
- Бул жерде эми "Кыргызпочтасына" асылып, аны Мамкаттоого кошкондон эмне өзгөрөт? Негизи буга чейин кызмат көрсөтүүлөрдүн баарын эле Мамкаттоого өткөрүп берип салышты. Мамкаттоо деген мүлктү катташ керек да. Буга чейин ага паспорт берүүнү, айдоочулук күбөлүктү тапшырууну беришти. Ошонун айынан азыр жасалма паспорттор жайылууда. Айдоочулук күбөлүктү каалагандай жаздырып алып жатышат. Негизи эле айдоочулук күбөлүк менен Мамкаттоонун кандай байланышы бар? Ал аз келгенсип эми почта байланышын ага эмнеге өткөрүп берип жатат? Мен ушуга түшүнбөдүм. Бул жерде кандай байланыш бар? Бул жерде дагы паспорт менен айдоочулук күбөлүк берүү сыяктуу тымызын схема барбы? Мен ушул жагын так айта албайм. "Кыргызпочтасынын" аты да, заты да байланышта. Анан эми аны каттоо органына өткөрүп берип, Мамлекеттик каттоо кызматын байланыш тармагы менен аралаштырып салышабы? Мында ишмердиги башка-башка багыттардагы эки түрдүү мекемени бири бирине байлашты. Ошентип мына ушул почта тармагын деги бир жерге батыра алышпады.
"Кыргызпочтасын" заманбап талаптарга ылайыкташтырып, реформалоо маселеси буга чейин деле бир нече курдай көтөрүлүп келген. 2014-жылы өкмөттүк деңгээлде "Кыргызпочтасын" мамлекеттин үлүшү бар банкка айландыруу демилгеси чыгып, бирок анда аталган долбоор ишке ашкан эмес.
Бул мамлекеттик мекеме калкка почта кызматын көрсөтүүдөн жылына жарым миллиард сомдон ашуун киреше табаары былтыр парламентте жарыяланган. "Кыргызпочтасын" жаңылап, анын кызмат көрсөтүүсүн эл аралык почта байланышынын деңгээлиндеги сапатка көтөрүү маселеси көтөрүлүп келаткан.
"Кыргызпочтасына" жаккан кадам
"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев мекеменин жаңы түзүмгө киришин жаңыланууга жасалган кадам катары кабыл алды:
- "Кыргызпочтасына" бул кадам экинчи "көмөкөйүн" ачканга жардам берет. Ал тескерисинче, почта тармагындагы өнүгүүнү тездетет. Биз азыр административдик жактан Мамкаттоонун астында болуп, ага карайбыз. Бирок маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети мурдагыдай эле Кыргызстандын почта байланышы тармагындагы жалпы саясатты аныктайт. Буга чейин биздин почта тармагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен алектенүүгө акысы жок болчу. Азыр эми Мамкаттоонун курамына киргенден кийин биздин кызматкерлер ошол мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга укук алышты. Мына ошол көрсөтүлө турган мамлекеттик кызматтардын баары тең автоматташтырылган түрдө болот. Өкмөт дагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана заманбап почта байланышын камсыздоо үчүн ушундай жол менен кам көрүп жатат.
Ошол эле кезде өкмөт "Кыргызпочтасын" маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин курамынан чыгарып, аны Мамкаттоо органына киргизүүнүн каржылык негиздемесин жарыялай элек. Бул жерде канча мамлекеттик каражат үнөмдөлөрү же болбосо ар бир почта бөлүмүндө калкты тейлөө кызматын түзүү үчүн кошумча канча штаттык бирдиктер ачылары белгисиз.
Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев өкмөт "Кыргызпочтасын" Мамлекеттик каттоо кызматынын курамына өткөрүүнүн чыгымдарына байланыштуу бюджеттик өзгөртүүлөр боюнча кайрыла электигин билдирди.