Тилсиз жоо отуз кишини үйсүз калтырды

12 батир толугу менен күйүп кетти

20-декабрдын түнүндө Таш-Көмүр шаарында чыккан өрттөн улам 12 батир жана коомдук фонддун кеңсеси толугу менен күйүп кетти.

Өрт чапкан үйдүн тургуну, 85 жаштагы Нурлыгаян Газизова жалгыз жашаганы аз келгенсип, эми өмүр бою шахтада иштеп алган батиринен да ажырады. Сырткы кийимин жана документтерин алып чыгууга эптеп үлгүргөн.

- Жалгыз уулум каза болгондон кийин 35 жылдан бери жалгыз жашайм. Кезегинде шахтада иштеп жүрүп ушул батирге жеткем. Түндө буюмдарым менен баары күйүп кетти. Милиция келип документтерди алып, өзүмдү чыгарып кетишти. Аман калганыма шүгүр, тирүү болсок үй табылар.

20-декабрда түнкү саат 11 чамасында башталган өрт тогуз үй-бүлөнү кычыраган кышта көчөдө калтырды. 1930-жылдары барак тибинде салынган эски үйдүн чатырынан өрт чыгып, 12 батир толугу менен күйүп кеткен. Тогуз батирде туруктуу жашаган 30 чамалуу жашоочу өрт өчүрүүгө көмөктөшүп, аялдар жана карылар кошуналарына жана мейманканага жайгаштырылган.

Беш баласы менен көчөдө калган Дүйшөналы Мааткулов эмне кыларын билбей турган кези.

- Түнү менен ушул өрттүн түйшүгү менен жүрөбүз. Такыр тамак иче элекпиз. Азыр шаар мэриясына барып турак жай сурайын десек эч кимди таба алган жокпуз. Кайра бул жерге келип түтөп турган үйүбүздү көрүп жүрөгүбүз эзилип жатат. Эч ким абалыбызды сурап, кайда барасыңар дей элек. Мен беш балам менен көчөдө каламбы? Же тоо боорундагы үңкүргө барып жашасакпы деп турабыз. Бирок башка мен сыяктуу үй-бүлөлөрдүн тагдыры эмне болот? Азыр эч нерсени ойлогубуз келбей турат. Өрт өчүрүүчүлөр да жарым сааттан кийин келди, бирок суусу түгөнүп калды. Таш-Көмүрдө өрт өчүргүч унаасы жакшы иштебейт экен. Шамалды-Сай шаарчасынан кошумча унаа келип, алар да үлгүргөн жок.

Жашоочулардын айтымында, өрт чыгардан эки жума мурда алар электр линияларын оңдоп берүү талабы менен тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдошкон. Бирок убагында чара көрүлгөн эмес. Эми башка үйлөрдүн жашоочуларында да кооптонуу бар болгонун айтат Карима Иманова:

- Биз ушул үйгө жакын жайгашкан №40 барак тибиндеги үйдө жашайбыз. Бизде да үйдүн чатырында электр зымдары иретсиз жайгашып, өрт чыгып кетүү коркунучу бар. Баарыбыз биригип эки жума мурда электриктерге, шаар бийлигине кайрылганбыз, бирок эч ким кабар алган эмес. Адам өмүрү жана жашоосу алар үчүн бир тыйынга арзыбайт экен. Эми кырсык болгондон кийин гана кыймылдап жатышат.

Түндө жалынды басууга өрт өчүрүү кызматынан үч унаа тартылганы менен жалынды толук өчүрүү мүмкүн болгон жок. Шаардык өрт кызматынын башчысынын орун басары Равшан Мамытов өрт коркунучу башка үйлөрдө да бар экенин эскертет.

- Негизинен Некрасов көчөсүндө жайгашкан №6 үйдүн чатырынан чыккан өрт электр зымдарынан улам тутанган. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал турак жай 1930-жылдары салынып, эскилиги жеткен. Ошол себептүү жыгачтан салынган үй толугу менен күйүп кетти. Ушул сыяктуу башка барак тибиндеги үйлөрдө да өрт чыгуу коркунучу бар. Ал жайлар жеке менчик болгондуктан биздин колдон эч нерсе келбейт. Болгону түшүндүрүү иштери менен гана чектелебиз. Айрыкча кыш чилдеде электр мештерин колдонууда өрт кырсыктары арбын болот.

38 миң киши жашаган Таш-Көмүр шаарында кезегинде кенчилер үчүн салынган онго жакын барак тибиндеги үй бар. Алар жеке менчик болгондуктан жергиликтүү бийлик жана адистер текшере алышпайт.

Үйсүз калгандарды шаар бийлиги кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырмай болду. Бул тууралуу вице-мэр Ислам Масабиров билдирди.

- Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №111 кесиптик лицейинин Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан төрт кабаттуу жатаканасы бар. 1-2-кабаттарында студенттер жашайт. Ал эми үчүнчү кабатына үйсүз калган жарандарды толук жайгаштырмай болдук. Азыр тийиштүү комиссия ошол аймакта иштеп, жашоочуларга керектүү шарт түзүү менен алектенүүдө. Өрттөнгөн турак жайлар жеке менчик болгондуктан биз тараптан кандай жардам болорун азырынча айта албайм.

Таш-Көмүрдөгү көпчүлүк турак жайларда өрт катталган учурда унаа кире албайт. Анткени көчөлөрдүн туш тарабында күркөлөр орун алган. Ошол себептүү тургундар шаар бийлигинен жашоочулардын коопсуздугуна көнүл буруусун суранышат.

Быйылкы жылы Жалал-Абад облусунда 500дөн ашык өрт кырсыгы катталып, 47 миллион сомдон ашык чыгым кеткен. Ал эми Таш-Көмүрдөгү түндөгү өрттүн чыгымдары ушул тапта эсептелүүдө.