Таласта кулгуна ылаңы катталды

Таластын Бакай-Ата районунда сибир кулгунасы ылаңы катталып, малга карантин жарыяланды. Ылаңдаган малдын этин жеген 9 адам ооруканага жаткырылып, алардын экөө бул дартты жуктуруп алганы аныкталды.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматында, сибир кулгунасы Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында 2-сентябрда катталган.

Буга байланыштуу 6-сентябрдан тарта аталган айылда 15 күнгө карантин жарыяланып, мал жана малдын этин, сүттү ташып чыгууга тыюу салынганын “Азаттыкка” инспекциянын жетекчи орун басары Жаныбек Султанов кабарлады:

- Аталган айылда уй сибир кулгунасы менен ылаңдаганы аныкталгандан тарта райондук бийликтин чечими менен ушул айылда эт, сүт продуктуларына карантин жарыяланды. Учурда бул айылдын кире беришине жана чыга беришине посттор коюлду. Кулгуна менен ылаңдады деп шектелген уйдун эти чогултулуп, ветеринардык кызматкерлер тарабынан көмүлүп, бетондолду. Бул айылдагы башка малдар эмдөөдөн өтүп жатат. Учурда бул оору менен ылаңдаган башка мал жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, учурда ылаңдаган малдын этин жеген 9 адам ооруканага жаткырылды. Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Шабдан Рыскуловдун айтымында, алардын экөө ооруну жуктуруп алганы тастыкталды:

- Сибир кулгунасына шектелип 9 адам ооруканага жаткырылды. Алгач бир адам ооруган. Андан соң бул адам менен карым-катнашта болгон 8 адам текшерүүгө алынды. Тиешелүү анализдерден соң алардын ичинен бирөө жуктуруп алганы белгилүү болду.

Рыскулов кошумчалагандай, Ынтымак айылындагы башка тургундардын абалына дарыгерлер көз салып жатышат.

Учурда Ынтымактын тургундары айылда буга чейин союлган эки уйду сибир кулгунасы менен ылаңдаган деп шектенип жатышат. Айыл тургуну Совет Аскарбековдун айтымында, союлган уйлардын эти айылдагы бир топ адамга таратылып, алар үй-бүлөсү менен этти жеп алышкан:

- Кулгунага шектелген бир уйду 20 киши, бирөөнү 22 адам бөлүп алган экен. Алардын бири мурда союлганда эле желип кеткен экен. Экинчисинин, 120 килограммга жакын этин ветеринарлар чогулутуп, көмүштү. Этти жегендер арасында “денем кычышты”, “дене табым көтөрүлдү” деген адамдардын баарын эле ооруканага жаткырып жатышат. Айыл тургундары болсо малга карантинди сактоого жардам беришүүдө.

Ветеринардык кызмат абал коркунучтуу эместигин, учурда башка аймактарда көзөмөл күчөтүлгөнүн маалымдады.

Кулгуна өтө кооптуу, жугуштуу ооруларга кирет. Ал адамга жаныбарлардан гана жугат. Кулгунаны бацилла деген микроб алып жүрөт. Бацилла 20 мүнөт кайнатканга чейин өлбөсү жана жүздөгөн жылдарга чейин жашаары илимде аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын аймагында кулгунанын 1300дөн ашык очогу бар. Аларга көңүл бурулбай, ачылып калгандыктан маал-маалы менен аны менен ылаңдаган учурлар катталып турат. Акыркы ирет Бишкектин чеке белиндеги Лебединовка айылында катталып, бир нече адам ооруканага жаткырылган. Ветеринарлар мындай жугуштуу ылаңдарга каршы тиешелүү эмдөөлөр жүргүзүлдү дешкени менен өлкөдөгү эпизоотикалык абалдын курчуп баратканы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаевдин айтымында, мындай кырдаал учурдагы ветеринардык кызматтарга өз деңгээлинде көңүл бурулбагандыктан улам жаралууда:

- Биздин өлкө кулгуна көп катталчу коркунучтуу эндемикалык зонага кирет. Буга каршы өз убагында эмдөөлөрдү жүргүзүп, абалга тыкыр көз салуу абзел. Бирок бизде ойдогудай көңүл бурулбай жатат. Мисалы, бюджетте каралган акчанын 70 пайызга жакыны бөлүнүп берилбейт. Анын вакциналар сатылып алынбай, тиешелүү эмдөөлөр жүргүзүлбөй жатат.

Өткөн айда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда кара тумоо дарты катталып, андан 15 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Өспүрүмгө оору суурдан жукканы айтылган. Буга байланыштуу райондо карантин жарыяланган болчу.