Талас: чек ара кризиси көмүр баасын көтөрдү

Таластыктар негизинен Казакстандын Шабыркүл жана Каражыра деген жерлеринен келген көмүрдү жагышат.

Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктар ириде ишкерлердин бизнесине жолтоо болууда. Таласта көмүр ташыган ишкерлер коңшу өлкөнүн текшерүүнү күчөткөнү жөнү жок чыгым жана убаракерчилик жаратып жатканын айтышууда. Мындай абал өз кезегинде аймакта көмүрдүн баасынын өсүшүнө таасир эткен.

Мелис Чойбеков 20 жылдан бери Казакстандын Караганды облусунан көмүрдү дүңүнөн ташып келип ишкерлик кылат. Ал ташыган көмүрдү Талас шаарындагы айрым мамлекеттик мекемелер, ортомчу ишкерлер сатып алышат. Ал чек арадагы тоскоолдуктар акыркы кездери ишкерлердин бизнесин бир топ аксатып жатканына токтолду:

- Казакстандык үч ишкер менен мыйзам чегинде иш алып барам. Бир канча база менен 500-1000 тоннадан көмүр алууга келишимим бар эле. Ошону да бере албай жатышат. Анткени аларга акимчилиги кыргыздарга сатпагыла деп эскертүү бериптир. Алар да коркуп жатышат. Кечээ түнкү саат 12де эптеп жүктөп беришти. Таңга маал 4-5те көрүнүп калбайлы деп эптеп жолго чыктык. Жагдайыбыз өтө кыйын болуп жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекети. 14-октябрда тартылган сүрөт.

Мелис Чойбеков чек арадагы абалдан улам Казакстандан көмүр жылдагыдан аз келип жатканын белгиледи:

- Өткөн жылдары айына 500-600 тонна көмүр ташыган учурлар болгон. Азыр болсо бир айда ашып кетсе 60-70 тонна эле келип жатат. Мурун Казакстандын МАИ кызматкерлери "чай пулду" аз алчу. Азыр аларга да үч-төрт эселеп чыгаша болуп жатабыз. Мурда бир "КамАЗ" Казакстанга эки миң сом чыгаша менен кирип чыкса, азыр 10 миң сомго чейин чыгым болууда.

Көмүр бизнесинин минтип артка кетиши өз кезегинде Таласта көмүргө баанын өсүшүн шарттады. Былтыр бул убакта көмүрдүн тоннасы ​4000-4500 болуп жатса, азыр 6500 сомго чыккан. Таласта көмүр саткан Зина Дүйшембиева буларга токтолду:

- Казакстандын Каражыра көмүрү бир жумада араң бир жолу келет. Тоннасын 5000-6000 сомдон алабыз. Биз бир аз тыйын кошуп, 6500 сомдон сатып жатабыз. Анткени биз көмүрдү каптаган жумушчуларга да акча төлөшүбүз керек. Мурдагы жылдары бул мезгилде көмүр тынбай келчү. Батпай калып, эшиктин алдына чыгып алып сатчубуз. Азыр болсо дарбазанын ичинен араң көрүнөт. Азыр келсе да эки-үч күндө эле түгөнүп калып жатат.

Таластыктар негизинен Казакстандын Шабыркүл жана Каражыра деген жерлеринен келген көмүрдү жагышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Казбек Медетбеков билдиргендей, күз-кыш мезгили үчүн облуска 55700 тонна көмүр керектелет.

Жергиликтүү бийлик азырынча көмүр тартыштыгы жарала электигин билдирди. Ал эми баанын өсүшүн токтотуу жана ишкерлер кириптер болгон кыйынчылыкты азайтуу максатында жеңилдетилген шартта Нарындан көмүр ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

Бирок көмүр бизнеси менен шугулданган таластык ишкерлер Нарынга чейинки жолдун алыстыгын, Өтмөк менен Төө-Ашуу күзүндө жана кышында тайгалак болорун эске алып, Кара-Кечеден көмүр ташууга анчейин көңүлдөнбөй турушат. Алар Кара-Кечеде бир нече күндөп кезекке туруу шарты да чочулатып жатканын айтышты.

Кара-Кече көмүр кени.

Кабарларда кыргыз-казак чек арасындагы кризис жеңилдегени айтылганы менен Таластагы "Чоң-Капка" чек ара өткөрмө бекетиндеги жагдай өзгөрүүсүз калууда. Мамлекеттик чек ара кызматы 6-ноябрда "Чоң-Капкада" жалпысынан 80дей унаа кезек күтүп турганын кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.