Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда бир нече маселе талкууланганы, чек аранын долбоордук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участокторду жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана карталарды түзүү боюнча сөз болгону кабарланды. Бирок кыргыз өкмөтү кайсы жерлерде кандай шарттар менен алмашуулар болорун айтуудан карманып турат.
Комиссиянын жолугушуусуна кыргыз делегациясын жетектеп барган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан кыска билдирүү менен чектелип, протокол тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
"Интернетке толук маалыматтар чыккан. Ошондон башка эч нерсе айта албайм".
Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим «Азаттыктын» тажик кызматына чек ара маселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн белгиледи.
Чек ара маселеси боюнча кандай гана жолугушуу, талкуулар болбосун, жергиликтүү эл бир ооздон чек араны тактоону тездетип, талашка чекит коюуну талап кылып келишет.
Дагы караңыз Чек ара чыры өкмөткө сынды күчөттүБуга чейинки жаңжалдардан кийин да эки өлкөнүн чек араларын тактоо багытында иш жандангандай болуп, бирок иш илгерилегени сезилбей келет. Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров "Бул жолу чек аралар такталып калаар бекен?" деп үмүттөнүп турат.
"Чек арага шарттуу болсо да бир казыкты тургузуп койсо болбойбу? Чарбактагы окуяда да ошондой деп айтылган, бирок тургузулган эмес. Эми дагы канча күтөбүз? Ошондон бери канча убакыт өттү?! Унутулуп калды. Эртең дагы бир жаңжал чыкса, өрт өчүрүүчү же тез жардам автоунаасындай болуп бийлик жетип барат. Ага чейин эч кимдин иши жок. Албетте бул жолку отурумдан үмүтүбүз чоң".
2014-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда да эки тарап чек араларды тактоону тездетүү, чырмалышып калган участокторду алмашуу ыкмасын колдонуу тууралуу сөз болгону менен, бул ишке ашкан эмес. Чек арадагы айылдын тургуну, "легендарлуу парламенттин" депутаты Туйгун Жолдошев эл жаңжалдан тажаганын айтты.
"Чек арада аралашып калган жерлерде алмаштыруу ыкмасын колдонсо болот. Жаңжалдар азаймак. Эл да "чек ара такталып, коопсуздукту камсыздап, тынч жашоого шарт түзүп берсе" деп күтүп жатат. Бул маселеде айрыкча президенттер макулдашып, бир жыйынтыкка келиши керек. Жумушчу топко таштап койсо, создуктуруп жүрө беришет".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Акрам Мадумаров чек араны тактоонун алдында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керектигин “Азаттыкка” билдирди.
"Албетте чек араны тактап, бул маселени тездетүү туура. Бирок бул маселе бир заматта чечилбейт да. Убакыт керек. Эртең эле ары-бери чечип салса, жаңжалдар токтоп калат деп ким кепил болот? Андыктан биз күтпөй, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Бийликтин аймактагы ар бир өкүлү өз милдетин так аткарса, элдин ишеними артып, чыңалуу азаят. Чек аралаш аймакта экономиканы, маданиятты өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар".
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашcа, анын 55 пайызга жакыны тактала элек.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.
Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.