Бишкек-Дүйшөмбү: чек ара боюнча чечим жок

Кыргыз-тажик чек арасы.

Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтүп жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Муродали Алимардон Бишкекте өткөн айдын этегинде жолугуп, куралдуу кагылышка байланышкан бардык маселелерди чечүүнү макулдашкан эле.

Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, тараптар бул ирет негизинен 30-31-январдагы Бишкектеги жолугушууда кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулайт. Буга чейин Бишкек бир канча жолу бардык маселелерди сүйлөшүү аркылуу гана чечүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков мындай сүйлөшүүлөр оор болот жана узакка созулат дегендерге кошулат. Депутат кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык ыкмаларына басым жасоо зарыл экенин айтууда:

- Кыргызстан менен Тажикстан милдеттенме алган эл аралык документтер, келишимдер бар. Сүйлөшүү оор өтүүдө. Бирок эртеби-кечпи эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берген чечимге келебиз. Башка жол жок.

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү.


Жогорку Кеңеш Баткендин чек ара маселесин буга чейин бир канча жолу талкуулаган. Аталган облуска байланыштуу атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн эле. Ошол убактылуу депутаттык комиссияны жетектеген “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев өкмөткө бир катар тапшырмалар берилгенин айтууда:

- Эң негизгиси чек араны тактоо иштерин жандантуу болчу. Депутаттык комиссия бир топ маселени койгон. Иш аздан болсо да жылып жаткандай үмүт бар. Анын натыйжасы кандай болорун убакыт көрсөтөт.

Антсе да кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки өкмөттүн иш-аракетин сындагандар да бар. Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитовдун баамында, Бишкек Дүйшөмбүгө нота гана жөнөтүп чектелип, жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, кабыл алынган чечимдер тууралуу кеңири маалымат берилбей жатат:

Сүйлөшүү оор өтүүдө. Бирок эртеби-кечпи эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берген чечимге келебиз. Башка жол жок.
Исмаил Исаков
- Эми мунун жаап-жашыра турган деле эч нерсеси калган жок. Баарыбир ачыкка чыгат. Ушундан улам тажиктердин өкмөт өкүлү Ворух анклав болбойт дегендей сөздөрдү айтып жатат. Кыргызстан мындай учурда деле дароо комментарий бербей, “мындай сөздөрдү айткандардын абийирине койдук” деген менен эле чектелди. Жаңжалдан кийин ноталар менен эле чектелип калды, мындан улам демилгени колдон алдырды. Азыр деле кеч эмес. Позицияны так айтып так билдирип турбаса, тажиктер бизди күнөөлөп жатпайбы.

Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелер такталып бүткүчө убактылуу сызык жана анклав, анын айланасындагы айылдар үчүн режим так аныкталышы керектигин белгиледи:

- Убактылуу чек ара чийими болмоюнча, жаңжалдуу окуялар боло берет. Чийим чек арада укуктук талаа болуп берет. Чек араны кайтарууда түйшүк азаят. Андан сырткары эки тараптуу келишим түзүп, анда режимди так аныктап бериш керек. Бул анклав жана анын айланасындагы адамдарга өтө керек.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча чырына буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа ортомчу болууга аракет жасаган. Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү Хаит Айкынов сүйлөшүүлөргө үчүнчү тарап кошулушу зарыл деп эсептейт:

- Азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип калды. Буга чейин өкмөт өкүлдөрү, чек ара боюнча комиссиялар деле жолугушкан менен маселе чечилбей жатат. Маселе президенттердин деңгээлинде чечилиши керек. Андан сырткары ортомчу да зарыл. Мисалы, эки мамлекетке тең таасирдүү Орусия бар. Союздун тушунда чек аралар союздун деңгээлинде да чечилип келген. Ошол жакта балким эки тарапты ийге келтире алган документтер бардыр. Азыр болсо эки тарап эки башка документтерге таянып жатпайбы.

Баткенде 11-январда тажик айылдарын айланып өткөн жол курулуп жатканда коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Бишкек Дүйшөмбүнү эл аралык келишимди бузду, биринчи болуп ок чыгарды деп айыптаган. Мындан кийин чек арасын жаап, Тажикстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган.