Энелер Сирияга кеткен кыздарын сагынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Туугандары Сирияга кеткен айрым жарандар жакындарын, алардын балдарын кайтарып келүүгө жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик бутактарынын жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Алар 14-майда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, Сирияга алданып кеткендерге мунапыс жана психологиялык, социалдык жардам берүүнү өтүнүштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин Сирияга кеткен кыргызстандыктарды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын билдирген.