Сузактагы зордуктоо: Ата сөрөйдүн акыл-эси текшерилет

Иллюстрациялык сүрөт.

"Өз кызын зордуктады" деп Сузак райондук соту 18 жылга эркинен ажыраткан киши облустук соттун чечими менен психиатриялык экспертизадан өтмөй болду. Бирок айыпталуучунун жубайы күйөөсү толук жазаланышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, туугандары айыпталуучуну бошотуп алууга аракеттенип жатышат.

Суранычы боюнча ысымы өзгөртүлгөн Гүлмира күйөөсүнүн өз кызына кылган зомбулугун көзүнө жаш алып айтып берди.

- Кызымдын тагдыры жаман атасынын айынан талкаланды. Биз ушул маалга чейин зордук-зомбулукта жашап келгенбиз. Аны эч ким уккусу да келген эмес. Акыры келип Кудайга да жакпаган кылыкты жасап отурат. Эмне кылайын, мен бардык тараптан алсызмын. Кудайга гана жалынып ыйлайм, эч кимдин башына салбасын мындай ишти.

Гүлмиранын айтымында, былтыр жайында 57 жаштагы күйөөсү мас абалында 24 жаштагы 2-топтогу майып кызын зордуктап салган.

- Ал күндөгү окуяны эстесем жүрөгүм зыркырайт, ошол себептүү айтып берүүгө батына албай турам. Ушул күнгө чейин үй-бүлөдө зомбулукта жашап, жолдошумдан жакшы күн көргөн жокмун. Бир топ жыл мурда мени катуу сабап, милицияга арыз менен кайрылып, соттук-медициналык экспертизадан өткөм. Алардын баарын жолдошум өзү бүтүрүп, ишти жаптырып салыптыр. Эки жыл мурун "ажырашам" десем кыздарым, туугандарыбыз ортого түшүп, жараштырып койгон болчу. Эми келип кызыма зөөкүрлүгүн көрсөтүп жатат. Азыр Кудайга жалынып, "мага ак жол көрсөт" деп ыйлап жатам. Башка аргам калган жок.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Бир уул, төрт кыздын энеси Гүлмира күйөөсү менен 33 жылдан бери чогуу жашап жатат. Үч кызы өз алдынча турмуш куруп кетишкен. Уулу чет жакта мигрант болуп жүрөт. Кичүү кызы психикалык жактан оорулуу болгондуктан колунда калган.

Өз кызын зордуктоого шектүү катары Сузак районунун 57 жаштагы тургуну өткөн жылдын август айында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Сузак райондук соту 2017-жылдын декабрь айында айыпталуучуну 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ишти карап жаткан облустук соттун коллегиясы 6-февралда соттолуучуну медициналык кароодон өткөрүш үчүн экспертизага жөнөтүп, ишти кароону убактылуу токтотконун облустук соттун басма сөз кызматкери Маркель Болотов айтты:

- Учурда бул иш облустук соттун кароосунда жатат. Биринчи жана экинчи отурумдарга жабырлануучу жана анын жактоочусу белгисиз себептен улам келген эмес. Алардын сотко келишин камсыз кылуу прокуратура кызматкерлеринин милдети. Үчүнчү жолку сот 6-февралга белгиленип, анда да жабырланган тараптан эч ким келген эмес. Соттук отурумда соттолуучу киши берилген суроолорго жооп бербей, иштин жагдайларына көңүл бурбай, өзү менен өзү алек болуп отургандыктан анын жактоочусу стационардык соттук экспертизадан өткөрүү боюнча сотко өтүнүч келтирген. Облустук соттун коллегиясы аны канааттандырып, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти кароо убактылуу токтотулду.

Жабырланган кыздын энеси Гүлмира облустук соттун отуруму болору тууралуу бир да кат албаганын, анын жактоочусунун да бул багытта кабары жоктугун айтат:

- 6-февраль күнү мен жактоочума телефон аркылуу "бүгүн сот болобу" деп сурасам, "болбойт экен" деп жооп берди. Мурунку отурумдар боюнча менин таптакыр кабарым жок. Демек бул жерде соттор айыпталуучу тарап менен сүйлөшүп, балким алчусун алып ишти жабырлануучулардын катышуусуз карап жатат. Эми болсо психикалык ооруканага жаткырып, андан ары жазадан бошотуу аракетин көрүшүүдө. Бул жерде акыйкатык жок болуп жатат. Кызым үчүн мен акыйкаттыкты талап кылам.

Соттолуп жаткан Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну буга чейин облустук оорукананын башкы дарыгеринин жана шаардагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысынын айдоочусу болуп иштеп келген. Айылдаштарынын айтымында, үч жыл мурда экинчи аял алып, биринчи турмушундагы Гүлмира менен турак жай талашып жүргөн. Бул багытта алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Укук коргоочу, акыйкатчынын облустагы мурунку өкүлү Алима Аманова оор кылмыш жасагандар соттон толук жазасын албай калган фактылар бар экенин айтты.

Алима Аманова.

- Облустук соттун стационардык соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөткөнү туура эле. Эми ошол экспертизанын жыйынтыгы кандай чыгат - кийинки иш ошого жараша болот. Эгерде "жатып дарыланышы керек" десе, анда жабык жайлардагы колонияга жөнөтпөй эле, психикалык оорукананын атайын дарылануучу жайына киргизилет. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (“Зордуктоо”) менен кесилгендер түрмөгө отурса, ал жерде да өзүнчө коомчулукка айтылбаган жаза бар. Булар ошондон коркуп, түрмөгө отурбаганга аракет кылып жатса керек. Мындай зордук-зомбулук фактыларынын тыйылбай жатышы катуу жазага тартылбай жатканы менен байланыштуу. Бул иштер жабык соттук отурумда каралганы менен жогорку органдардын жана коомчулуктун назарында болушу керек. Жабырлануучу аялдын айтып жаткан шек саноосу чындыкка жакыныраак.

Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүнө караганда, кыргыз коомунда аялдардын 83% психологиялык, моралдык, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Анын ичинде сексуалдык зомбулуктун 10% гана ачыкка чыгат. Адатта айыпталып жаткан адамдардын кырктан бири гана сот тарабынан күнөөлүү деп табылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.