Өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөр акталды

Шерзат Алимбеков 2016-жылдын 23-октябрында асынып калган. 

Сузакта райондук соту 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу айыпталып жаткан үч милиция кызматкерин актады. Буга прокуратура жана маркумдун жакындары нааразы. Милиция кызматкерлерине прокуратура “Кыйноо”, "Кызмат абалынан аша чабуу” жана “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, айыбын угузган. Бирок айыпталып жаткандар коюлган дооматтарга макул эмес.

Сузак районундагы А.Тажибаев атындагы орто мектепте 9-класста окуган Шерзат Алимбеков 2016-жылдын 23-октябрында асынып калган.

Прокуратура "уурулук боюнча айыпталган окуучуну суракка алып, жан кыюуга жеткирген" деп үч милиция кызматкеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү УКМКнын облустук башкармалыгы жүргүзүп, былтыр май айында соттук териштирүү башталган.

Прокуратуранын версиясы боюнча, айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин күнөөсү толугу менен далилденген. Бул тууралуу Сузак районунун прокурорунун орун басары Жылдызбек Разыбеков мындай деди:

Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү

Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү

Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков 23-октябрь күнү кечке жуук өз үйүндө асынып алып, ооруканага жетпей каза болгон.

- Сузак райондук прокуратурасы Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Алмазбек Жусуповго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбын угузуп, сотко жөнөткөн. Бирок ал Сузак райондук сотунун 2018-жылдын 23-январдагы өкүмү менен акталган. Ошондой эле аймактык тескөөчүлөр Санжарбек Маатжакыпов жана Нурбек Батыровго Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (“Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”), 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 305-беренеси (“Кызмат абалынан аша чабуу”), 305-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“Кыйноо”) негизинде айыбы угузулуп, сотко жөнөтүлгөн. Бирок Сузак райондук соту аларды “Кызмат абалынан аша чабуу” беренеси менен гана күнөөлүү деп таап, калган беренелер боюнча актап салган. Ошондуктан прокуратура Сузак райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу максатында облустук сотко апелляция келтирген.

Ал эми маркум окуучунун атасы Талант Алимбеков милиция кызматкерлери ишти бас-бас кылыш үчүн бир нече жолу акча сунуш кылышканын айтты:

- Балам өлгөндөн кийин аялым алты ай Бишкекте дарыланды, эми гана өзүнө келип жатат. Баламды багып чоңойткон чоң энеси да оорукчан болуп калды. Өзүм болсо эки жылдан бери сотто чуркап жүрөм. Сузактын соту ишти улам артка жылдырып жатып акыры туура эмес өкүм чыгарды. Баламдын өлүмүнө себепкер милиция кызматкерлеринин эркиндикте, жазасыз жүргөнү бизге катуу тийип жатат. Ошол себептүү окуяга туура баа берилишин талап кылам. Айыпталып жаткан үч милиция кызматкери жактоочулары менен эки жолу үйгө келип, акча сунуш кылып, жарашууга аракеттенди. "Мыйзам чегинде сүйлөшөм" деп макул болгон жокмун. Бирок мыйзам алар тарапта экенин билбептирмин. Сот учурунда алар жалданма күбөлөрдү, 15тей кесиптештерин алып барып мага басым көрсөтүп жатышты.

Сузак райондук прокуратурасы.

Учурда бул иш Жалал-Абад облустук сотунун кароосунда жатат. Жабырлануучулардын жактоочусу Максат Алимбеков "негизсиз чечим чыгарды" деп судьянын үстүнөн соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясына кат жазганын билдирди.

- Жогорудагы кызматкерлерди мурда ушул тармакта иштеп кеткен кесиптештери жактоочу болуп коргоп жатат. Ал түгүл маркумдун атасына басым жасап, "биз камалып кетсек, башкалар бар" деген эскертүү бериптир. Судья Миталиповдун үстүнөн биз соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссияга кайрылуу жолдогонбуз. Анткени ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарын одоно бузуп, өзүм билемдик менен жогорудагы үч милиция кызматкеринин үстүнөн чечим кабыл алган. Ага кимдер жолукканы жана канча акча алганынан бери бизде далил бар. Бул боюнча судьянын үстүнөн комиссия карап, өз баасын берет деген үмүттөбүз.

Жогоруда аты аталып, айыпталып жаткан үч милиция кызматкери учурда ички иштер органында иштеп жатат. Алар кеңири интервьюну сот иштери бүткөндөн кийин гана бере турганын облустук ИИБнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Ал эми өкүмдү чыгарган Сузак райондук сотунун судьясы өз чечими тууралуу комментарий бере албай турганын билдирди.

Кыргызстанда милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кыйноого алаарын жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар айтып келишет. Расмий маалыматтарга караганда 2016-жылы 120 милиция кызматкерине каршы 48 кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык 2011-жылдан бери кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлери соттолгон беш учур катталган.

Укук коргоочулардын айтымында, сотко өткөн иштерде да кыйноого шектүү күч кызматкерлери көбүнчө акталып же жеңил гана жазага тартылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ата, уурулук кылган эмесмин..."

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.