Кыргызстан сириялык качкындарды калкалоодо

Сириядан Кыргызстанга баш калка издеп келген Мухаммед Зинзан уулу Раян менен. Бишкек, 21-февраль, 2013

Сирия, Украинадагы кандуу окуялардын качып келип, Кыргызстандан качкын макамын сурагандар көбөйдү.

Буга чейин качкын макамын сурап, Ооганстандын жарандары көп кайрылчу.

Бала үмүтү жана тилеги

46 жаштагы сириялык Жамал Мухаммад бир жыл мурда үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качкын макамын алгандардын бири. Анын тогуз жаштагы Яхйа аттуу баласы учурда бул жакта мектепте окуйт.

Яхйа Кыргызстан жакканы менен Сирияга кеткиси келерин айтып отурду:

- Сирияда биздин үйдүн жанында мектеп бар болчу. Мен эжелерим менен бирге мектепке барчумун. Сирия жөнүндө ойлогондо үйүм, мектебим, досторум эске түшөт. Кыргызстан абдан жакшы. Сирия мага кандай жакса, Кыргызстан да ошондой жагат. Бирок ошентсе да Сирия жакшыраак. Ал жакта менин досторум, башкалар бар. Сирия менин жерим, мен ал жакта төрөлгөм. Азыр ал жакта эч нерсе калган эмес. Үйлөрдүн баары күйүп кеткен.

Яхйа акыры бир күнү Сирияга кетерине, ал жактагы ураган үйлөрүн калыбына келтирерине ишенет. Жамал Мухаммаддын үй-бүлөсү Кыргызстанга 2012-жылы качып келип, качкын макамын алууга арыз берген.

Сирияда кандуу согуш башталганга чейин эле Жамал Мухаммад Кыргызстанга келип кетип, ишкерлик кылчу. Согуш тутанган кезде да ал Кыргызстанда болгонун айтат.

- Биз Сириянын Хомс шаарында жашачубуз. Согуш башталганда аялым мага телефон чалды. Мен абайлап отура тургула, 10-15 күндө басылып калар деп айттым. Бирок уруш күчөп отуруп, үй-бүлөм 13 күндөй эч кайда чыга албай камалып отурушту. Анан тобокелге салып, кайнатам аларды үйдөн алып чыгып, Алеппо шаарына алып барды. Ал жакта 3 ай турганда Алепподо да уруш башталып, Түркияга качып өтүштү. Анан мен Кыргызстанаг алып келип алдым.

Ар өлкөгө тарап кеткен үй-бүлө

Жамал Мухаммаддын 7 баласы бар. Ал Кыргызстанга беш баласы менен келген. Улуу эки кызы апасы менен Египетте жашап жатса, дагы бир агасы Түркия менен Сириянын чегиндеги качкындар лагеринде күн көрүүдө.

- Биз, карапайым эл бул согушту каалабайбыз. Биз мурда Сирияда абдан бакубат турчубуз. Менин өзүмдүн чоң үйүм, 40 адамды иштеткен цехим бар болчу. Эки машинабыз болгон, акчабыз жетиштүү эле. Биз баарыбыз бул согушту каалабайбыз. Андан канча деген бейкүнөө адамдар өлдү. Канча деген адамдар жакырланып калды. Ушул керек беле? Айрымдар бийлик туура эмес кылды деп айтышат, башкалар эл туура эмес кылды дешет. Бирок бул согуштан акыр аягында эч ким утпайт.

Жамал Мухаммад Сирияда эч кандай диний согуш эмес, оппозиция менен бийлик катышкан жарандык согуш жүрүп жатканын, Кыргызстандан Сирияга жихадга деп жөнөп жаткандар чоң адашууда экендигин кошумчалады.

Сириялык качкындар көбөйдү

Жамал Мухаммаддын үй-бүлөсүнөн тышкары, Кыргызстандан качкын макамын сириялык дагы 25 адам алды. Ошондой эле жакында эле Украинанын чыгышындагы согуштан качып, үч адам Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылганы белгилүү болду.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаевдин айтымында, качкын макамын алган ооганстандыктар да көп.

- Качкын макамын сурап, Сириядан отузга жакын адам кайрылды. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 25 адамга берилди. Ал жакта чыр-чатактар болуп жатканына үч жыл болуп отурат. Ал эми ооганстандыктар Кыргызстанга 20 жылдан бери келип жатышат. Азыркы убакта Кыргызстанда 123 Ооганстан жараны качкын макамына ээ. Алардын ичинде жашы жетек элек балдар да бар.

Кыргызстанда качкын макамын сурагандарга эл аралык уюмдар, атап айтканда БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссарлыгы социалдык жардам көрсөтөт.

Аталган комиссарияттын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Кыялбек Темишов буларга токтолду.

- Аябай эле чектелүү социалдык жардам көрсөтүлөт. Биз тараптан бир жылда үч жолу азык-түлүк жактан жардам берилет. Булар: ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы. Ошондой эле дары-дармектен жардам болот. Булардан тышкары ижара алган батирлерине төлөсүн деп жылына үч ирет ар бир үй бүлөгө 3 миң сомдон акча берилет.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаевдин айтымында, Сириядан келип жаткандардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Ал Кыргызстан согуш, же чыр-чатактар болуп жаткан мамлекеттердин жарандарына гана качкын макамын берип жатканын кошумчалады. Ал эми саясий качкын макамы бир да адамга берилген эмес.

Сирияда жарандык уруш 4 жылдан бери уланып келатат. Бул аралыкта укук коргоочулардын ырастоосунда, 170 миңден көп киши каза тапты, калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү качкынга айланды.