ЮСАИД Кыргызстандын 17 тигүү ишканасын керектүү жабдыктар менен камсыздады. Жалпы эсеп менен 650 миң доллардык 89 шайман Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарындагы тигүүканаларда орнотулду. Адистердин айтымында, бул колдоо өлкөнүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө жакшы түрткү бермекчи.
Александр Домашовдун тигүү цехи Чүй облусунун Беловодское айылында эң ири ишкана деп саналат. Анда элүү кызматкер иштейт. Алар аялдар үчүн кофта, юбка, көйнөк, ал эми жоокерлер, мунай саткан компаниялардын кызматкерлери үчүн атайын кийимдерди тигишет.
2008-жылы ижарага алынган тигүү машинкаларында он чакты эле киши иштечү. Эми минтип заказдан колу бошобойт дейт апасы, цехтин жетекчиси Светлана Домашова.
- Эгер былтыр февралда тиккен продукциябызга бир ай убакыт кетсе, быйыл биз ошол эле көлөмдү он күндүн ичинде аткарып койдук. Тиккен кийимдерибиздин көлөмү өсүп баратат. Маселен, азыр биз заказдардын баарын аткарганга жетишпей, дагы тигүүчүлөрдү жалдап атабыз. Алар тигип аткан кийимдер Орусиянын бир нече аймактарына, Тажикстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга жөнөтүлөт.
АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Домашовдордун цехин автоматташтырууну шарттаган үч жабдуу алып бериптир.
Конструктор-модельер Елена Шевелева кийимдердин дизайнын түзөт.
- Буга чейин биз эч кандай оймосуз, өзгөчөлөнбөгөн, жөнөкөй кийимдерди тикчибүз. Мисалы, ушул кара өңдүү юбка атайын лазерде бычылган. Ал машинке бычпаса көркү жок бир юбка болмок. Бул шайман менен эми биздин мүмкүнчүлүгүбүз чексиз. Кандайдыр бир идея келсе, аны ошол замат тартып, программистке көрсөтүп койсок ал лазерден бычып, ушундай кооз кылып коёт. Бул шайман болсо ар түрдүү варианттарда бүктөп берет. Мурун юбкаларды кооз кылалы деп материалдын үстүнө кагаз коюп, чийип, бүктөп, көп убакыт коротсок, бул өзү бат-бат бүктөп берет. Кыскасы, эмнени кааласак ошону ишке ашырабыз.
АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги Кыргызстан боюнча ушундай туруктуу өнүгүп бараткан 17 тигүү цехин ушундай 89 шайман менен жабдыды. Жалпысынан буга 650 миң доллар сарпталды. Сөз долбоордун координатору Нуритдин Жаманкуловдо.
- Тигүү өнөр жайы – бул ЮСАИДдин жергиликтүү өнүгүү боюнча программасынын маанилүү багыттарынын бири. Аны өнүктүрүү жолдорунун бири – бул ишканаларды зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу. Бул долбоордун негизинде биз тигүү өнөр жайында шугулданган ишканалардын арасында конкурс жарыялаганбыз. Ага 50дөй ишкана катышып, натыйжада 17си биздин талаптарга жооп берип, утуп кетишти.
Жаманкуловдун айтымында, бул колдоонун жардамы менен 2013-жылы продукциянын сатылышы 11 пайызга, ал эми иш орундар 13 пайызга өсөт деп күтүлүп атат.
“Легпром” ассоциациясынын жетекчиси Фархад Раимжановдун баамында, азыр Кыргызстандын экономикасында жеңил өнөр жай тез өнүгүп бараткан тармактардын бири: эгер 2011-жылы 7 миллиард сомго продукция экспорттолсо, 2012-жылы бул сан 1 миллиардга өскөн. Бирок көйгөйлөр кала берүүдө:
- Көмүскөдө иштегендер ачыкка чыгыш керек. Себеби Орусияда ири борборлор менен иштейин, продукциясын көбөйтүп, жаңы кардарларды табайын десе, ал ачык иштөөгө мажбур болот. Ал эми көмүскөдө иштеп, бир эле шым тигип жүрсө ал кантип өнүгөт? Эч ким албайт, анткени Орусияда отчет деген бар, ал жактан өтпөй калат. Бул жерде базар өзү баарын ордуна коёт деп ойлойм.
Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулованын айтымында, өкмөт тигүүчү ишканаларды колдоого аракеттенип, салыктарды азайткан: ишин жаңыдан баштап аткан кичи ишканалар патент алып эле бизнесин баштай берсе болот.
- Жеңил өнөр жайдын ИДПга салымы 6 пайыз болгону менен ал социалдык маанилүү тармак деп эсептелет. Себеби ал жумуш орундары менен камсыздоодо. Аймактарда жеке ишкерлер иштешет. Андан сырткары анын экспорттук потенциалы жогору. Соңку жылы эле Кыргызстан чет өлкөгө 150 миң долларга жеңил өнөр жай продукциясын жөнөттү.
“Легпром” ассоциациясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 700дөй жеңил өнөр жай ишканасы расмий иштейт жана аларда 150 миңге жакын жаран эмгектенет. Жеңил өнөр жай тармагында көмүскө иш алып барган цехтердин саны 50 пайызга жетет.