Спорту чабал улут келечексиз

Массалык спорттун өнүкпөй жатышы улуттун саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизүүдө.
Мындай билдирүүнү 8-ноябрда Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги менен жолугушууда вице-премьер-министр Камиля Талиева жасады.

Кыргызстанда акыркы он жылдан бери массалык спортко маани бергендер калктын болгону беш пайызын түзүп келатат.

Жергиликтүү дарыгерлердин күндөлүк тажрыйбасына караганда өнөкөт илдеттер менен жабыркагандардын саны артып, курагы жашарып баратат. Маселен, Бишкектин Тунгуч кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосундагы балдардан быйыл эле төртөө тубаса жүрөк кемтиги боюнча майыптыкка чыгарылды. Бул тууралуу дарыгерлер тобунун башчысы Нургүл Алымова билдирди:

- Бизге келген боюнда бар кыздардын соосу аз. Каны аз, же бөйрөгү ооруйт. Ага жараша жаңы төрөлгөн балдарда тубаса илдеттер көп болуп атат.

Дарыгер мындай жагдайдын бир себебин дал ушул массалык спортко элдин маани бербестигинен көрөт. Кесиби боюнча мугалим, айкидо боюнча төртүнчү баскычтагы кара курдун ээси, “Айкидо” федерациясынын президенти Гүлниза Сейталиева өңчөй ата-энелер иш менен алек болуп, балдарынын келечегин ойлойбой калышты деп тынчсызданды:

- Саламаттык сактоо, Коргоо министрликтеринин маалыматтарына караганда азыр мектепке барган балдардын 20 пайызы, мектепти бүткөн балдардын 80 пайызы оорукчан. Эркек балдардын болгону 18 пайызы аскерде кызмат кылууга жарактуу болуп атат. Бул генофондго чындап коркунуч келтирчү көрүнүш.

Бала кезинен руху менен денеси такшалбаган адам турмуштун ар кандай соккуларына туруштук бере албай, ар кандай илдеттерге чалдыгарын, жаман жолго түшүп кетерин турмуш өзү эле далилдеп келатат дейт адис.

Капчык жука, колдоо жок

Массалык спорт кесиптик спорттон айырмаланып өзгөчө шартка муктаж эмес. Ошентсе да анын жайылбай жатышы улуттун келечегине коркунуч келтирип жатат деген коңгуроо кечээ вице-премьер министр Камиля Талиева менен спорт тармагынын жетекчилеринин жолугушуусунда да кагылды.

Совет мезгилинде салтка айланган массалык спорт акыркы он жылда Кыргызстанда кескин төмөндөп кетти. Анын себебин спорт адистери мамлекеттин спортко маани бербей жатышынан көрүп келатышат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Байгазы Кенжебаев бул өксүктү тармакка улам бир макамдын берилип, жетекчилеринин улам которулуп жатышынан көрөт. Акыркы арга катары азыр агенттик спортту өнүктүрүү боюнча концепцияны сунуш кылып, анда өлкөдөгү 416 айылга бирден айыл инструкторун коюу демилгесин киргизди:

- 416 инструктордун айлыгын орточо 6 миң сомдон эсептегенде жылына 16 миллион сом бюджетке күч келет. Бирок мен ушуга басым жасап жатам, эгер бул долбоор иштеп кетсе, биз элибиздин ден соолугу үчүн он эсе, жүз эсе пайда алып келмекпиз.

Вице-премьер-министрдин колдоосуна ишенген агенттик долбоорго үмүт артып турганы менен, капчыгы жука өкмөттүн анча каражат бөлөрү арсар. Анткени агенттиктин жылдык бюджетинен быйыл 28 миллион сом кыскарып жаткандыгы кабарланууда.

Гүлниза Сейдалиева мамлекет күргүштөтүп акча чачса эле массалык спорт өнүгүп кетет дегенге анча ишене бербейт:

- Мамлекет болгону мектептерге бардык спорт залдарын өтө арзан баада спорттук секцияларга күрөөгө берүүнү милдеттендириш керек. Ансыз деле бюджетте отурган мектептер ушундай кадамга барса массалык спорт өнүгүп кетет. Мектептер кечкисин жалаң спорт менен алектенгендерге берилиши керек.

Мындан тышкары улуттун келечеги анын ден соолугунда экендигин жана ден соолукту массалык спорт гана чыңдай аларын калкка түшүндүрүү керек дейт. Сейдалиева жетектеген федерацияда азыр 2 миңдей киши машыгат.

Азыр беш пайыздык ченемге кирген кыргызстандык жарандар айкидодон тышкары ушу, таэквондо, йога сыяктуу чыгыш спорту, улуттук күрөш, салттуу чуркоо сыяктуу түрлөрү менен машыгат.

Ошентсе да футбол ойногондор спорт сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн түзөөрүн эксперттер белгилеп жүрүшөт. Бирок футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын октябрь айындагы рейтинги боюнча Кыргызстан 200-орунга түшүп, Орто Азия боюнча арткы орунга жылыптыр. Мындай маалыматты FIFA 8-ноябрда таратты.