Гольф - капчыгы калыңдардын оюну

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубу 2002-жылы курулган. Анын аянты 25 гектар жана тогуз гольф аянтчасынан турат. 

Кыргызстандын Гольф федерациясы жыл ичиндеги 8-мелдешин өткөрдү. Ага жергиликтүү 29 оюнчу жана чет элден келген 21 гольф ышкыбозу катышты.

Эл аралык талап боюнча гольф 18 аянтчада ойнолот. Бирок Кыргызстанда гольф ышкыбоздоруна ылайык болгон тогуз гана аянтча бар. Мында бир учурда 50 оюнчу ойной алат.

Таймаштарда 1-орунду кыргызстандык Таалайбек Жуматаев алды. Cтейблфорд боюнча аялдар арасындагы мелдеште Асел Самуэльс жеңүүчү болду. Стейблфорд - бул гольф оюнун форматы, оюндун жыйынтыгын эсептей турган система.

13 жаштагы Камила Алмазбекова бир жылдан бери гольф академиясында машыгат. 

Гольф ойноо үчүн бир адамга бир күндө 2500 сомдон 5000 миң сомго чейин каражат кетет.
Тогуз аянтчада ойноп чыгуу - 1500 сом.
Эки айлампа, тагыраагы 18 аянтчада ойноо - 2500 сом турат.
Клюшкалар топтомун бир күнгө 400 сомго ижарага алууга болот.  
45 оюн шарчаларынын баасы - 200 сом.  
Машыктыруучунун кызматы - 1000 сом.
Оюнчунун жардамчысы "Кедди" кызматы - 500 сом турат. 

Өлкөдөгү гольф боюнча өткөн мелдештерге Кыргызстанда жана жакынкы өлкөлөрдө ишкердик менен алектенген чет элдик гольф ышкыбоздору көп катышат.

Учурда Өзбекстанда ишкердик кылган кореялык Ким Чен Хо, бош убагында такай гольф ойнойт. Бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.  Ким Чен Хо Кыргызстандын гольф аянтчасы эл аралык талапка жооп бербей тургандыгын айтты. 

Кыргызстандагы гольф клубунун негиздөөчүсү Эд Майлс. Ал Кыргызстанга 2000-жылы келген. 

Британиянын Кыргызстандагы элчиси гольф боюнча өткөн мелдештерге такай катышат. Ал эки жыл катары менен мыкты оюнчулардын сап башында келе жатат.

Гольф кымбат спорттун түрүнө кирет. Аны менен машыгуу үчүн каражат көп талап кылынат.

Гольф шаймандары 50 миңден 150 миң сомго чейин бааланат. Жыл бою машыккандар 2000 доллардан ашык каражат коротот.

Спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчүн Гольф федерациясы Гольф академиясын ачып, Кара-Жыгач айылындагы балдарды бекер машыктырууда. Машыгуулар жумасына үч ирет өтөт. 

Гольф мындан 600 жыл мурда Шотландияда пайда болгон. АКШ, Англияда жакшы өнүгүп, абройлуу мелдештер дал ушул өлкөлөрдө көп өткөрүлөт.

Гольф 2016-жылы Бразилияда өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген.

Кыргызстандын Гольф федерациясы 2011-жылы түзүлүп, Азия-Тынч океан аймагын камтыган конфедерацияга мүчө болгон. Ошондон бери кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге үзбөй катышып келет.

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.