Спорт "Ак шумкар" жеңишти колдон алдырды 7-Январь, 2019 Гүлжан Турдубаева Оюн Бириккен Араб Эмираттарында Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан. "Ак шумкарлар". Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты. Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.