Футбол: Кыргызстан - Тажикстан 1:4

Курман айт майрамына туш келген оюнга бир нече миң көрүүчү келди.

Тажик курама командасынын капитан дарбазачысы мыкты оюн көргөзүп, өз дарбазасын бир канча ирет олуттуу коркунучтардан сактап калды.

14-номердеги Ахледдин Исраилов Кыргызстан командасынын оюнчуларынын арасынан эң мыкты оюн көргөзүп, жалгыз голдун автору болду.

Тажик командасынын коргоочулары мыкты даярдыгын көргөзүшүп, Кыргызстандык чабуулчулардын көпчүлүк чабуулдарын жыйынтыксыз калтырышты.

Оюндун экинчи бөлүгү Кыргызстан командасынын үстөмдүгүндө өттү.

Оюн талаасында бири-бирине кол көтөргөндүгү үчүн Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Кум Мака жана тажик командасынын оюнчусу Далер Тухтахуновго оюндун калысы кызыл карта көргөзүп, оюндан чыгарууда.

Ахледдин Исраилов киргизген голун белгилөөдө.

Оюнга келген күйөрмандар Ахледдин Исраилов гол киргизгенде

Оюн 1:4 эсебинде аяктап, талаага ээлик кылган Кыргызстандыктар жеңилүү ызасын тартты.

Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Серге Дворянков оюндан кийин.