Эшимкановду эскерүү мелдешинде “Азаттык” утту

"Азаттык" радиосунун командасы.

23-июнда Бишкекте коомдук ишмер, белгилүү журналист, маркум Мелис Эшимкановдун элесине арналган кичи футбол мелдеште “Азаттыктын” командасы баш байгени утуп алды.
Мелис Эшимкановдун элесине арналып, журналисттердин арасында өткөрүлгөн кичи футбол турниринде "Азаттык" радиосунун командасы финалда Кыргыз радосунун командасы менен 3:3 эсебинде тең чыкты. Оюндун тагдыры жекеме-жеке топ тебуу менен чечилип, анда “Азаттыктын” кабарчысы Толкун Умуралиев айырмаланды. Ошондой эле “Азаттык” командасынын дарбазачысы Заирбек Бактыбаев да атаандаштардын бир тобун тосуп калып, ийгиликке салым кошту . Мелдеште “мыкты дарбазачы” деген сыйлык алган “Азаттыктын” кабарчысы Заирбек Бактыбаев оюн абдан кызыктуу болгонун белгиледи.

“Азаттык” радиосу мурдагы таймашта "Акипресс" маалымат агенттиги жана "Супер инфо" гезитинин командасын утту. Андай кийин “Азаттык” чейрек финалда “Кереге.kg” гезитинин командасын, жарым финалда Коомдук теле-радио корпорациясынын командасын жеңип алды.

Турнирде экинчи орунга ээ болгон “Кыргыз радиосу” командасынын капитаны Жаныбек Эсеналиев бул ирет күчтүү атаандаштарга туш болуп, финалда жекеме-жеке топ тебүүдө утулуп калганын айтты.

Мелдеште атаандаштарынын дарбазасына эң көп топ киргизген НБТ командасынын чабуулчусу Тимур Ногоев да атайын сыйлыкка арзыды. “Мыкты оюнчу” деген сыйлык Кыргыз радиосунун кызматкери Нурлан Сартовго ыйгарылды.

Турнирде “мыкты коргоочу” деген наамга “Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов татыктуу болду.

Мелдеш абдан курч мүнөздө өткөнүн Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Эшимканов белгилеп, агасы да футболдун күйөрманы болгонун эскерди.

“Жаңы Агым” гезитинин командасынын капитаны Кудурет Тайчабаровдун пикиринде, журалисттер арасындагы мелдеш курч мүнөздө өттү.

- Журналисттердин тандалма командасын түзүп, футбол боюнча өлкөнүн Биринчи лигасында ойносок болчудай,- дейт Кудурет Тайчабаров.

Кичи футбол мелдеши журналист, коомдук ишмер, маркум Мелис Эшимкановдун 50 жылдыгына арналып, бул инсандын атын алып жүргөн фонд тарабынан уюштурулганын маркумдун жубайы Асел Эшимканова белгилеп, быйыл күзүндө шахмат, бильярд боюнча да мелдештерди өткөрүүнү максат кылып жатышканын айтты.

"Азаттык" финалда Кыргыз радиосу менен беттешип, биринчи орунду ээлеп, баш байгеге коюлган 15 миң сом жана Чоң Кубокко ээ болду. Экинчи орунду Кыргыз радиосу жеңип, 10 миң сом жана кичи Кубок менен сыйланды. Үчүнчү орунду ээлеген КТРК командасы 7 миң сом байге алды.

Мындан сырткары мелдештин демөөрчүлөрү да айрым командаларга жана оюнчуларга атайын баалуу сыйлыктарын тартуулады.

Аталган мелдеш журналисттердин арасында жылына бир жолу өткөрүлүп турмакчы. Турнирдин катышуучуларына Мелис Эшимкановдун ишмердүүлүгүн чагылдырган даректүү кино тасма көрсөтүлүп, маркумга арнап куран окутулду.
Журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановду эскерүү үчүн ММК арасында уюштурулган футбол мелдешине 12 команда катышты.