Футбол: “Дордой” “Кыргызстан кубогун” 7-ирет жеңди

Оюндагы голдор "Дордой" тараптан Мирлан Мурзаев менен Калимуллага жана "Абдыш-Атадан" Фархад Мусабековго таандык.

Оюндун 18-мүнөтүнөн баштап талаа кожоюндары 1 оюнчуга кем ойноого аргасыз болушту. «Дордойчу» Даврон Аскаровду буттан чалып одоно оюн көрсөткөндүгү үчүн мелдештин башкы калысы Рысбек Шекербеков «Абдыш-Ата» оюнчусу Марат Ажиниязовго кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарды.

Кыргызстан кубогу быйыл 23-жолу ойнотулду. Дордой менен Абдыш-Ата биринчи жолу финалда беттешишти.

"Дордой" бул жолу "Абдыш-Ата" клубун утуу менен кубоктогу жеңиштеринин санын жетиге жеткирип, СКА-ПВОнун рекордун кайталады. «Абдыш-Ата» бул кубокту 3 ирет уткан. «Алга» 2 жолу жеңген. «Ак-Марал», «Семетей», «АиК» жана «Алай» клубдары 1 жолудан бул кубоктун ээси болушкан.