Көкбөрү күйөрмандары калысты сабап салды

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана окуяга тиешеси жок.

29-августта Бишкекте көкбөрү боюнча президенттин кубогунун мелдеши учурунда таластык күйөрмандар калысты сабап салышты.
Бишкектеги “Аккула” ат майданында кечээ эгемендик майрамына карата көкбөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеште “Чүй” жана “Талас” командалары беттешип жаткан учурда жосунсуз жорук болду. Таластык күйөрмандар ноокаттык калыс Абляз Көккөзовду “калыстык кылган жоксуң” деген шылтоо менен аны аттан оодарып, жерге жыгып, сабап салышкан.

"Оюнда калыс чүйлүктөргө көп жолу тартып туруп алды. Калыстык кылган жок. Тайказанга түшкөн үч улакты эсепке албай койду. Эки жигитти жөнү жок оюндан чыгарды. Көкбөрү оюнунун эрежелерин сактаган жок", - дейт таластык күйөрмандын бири Рахмандил Амангелдиев.

Мындай жапайы жорук көкбөрү оюнунун тарыхында биринчи ирет болгонун, калыстан каталык кеткен учурда да федерациянын башкармалыгы талдоого алышы керектигин “Азаттыкка” Талас облустук Көкбөрү федерациясынын жетекчиси, эмгек сиңирген машыктыруучу Соотбек Токтогазиев билдирди.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов калысты сабагандар жазасын алуу керектигин, бул окуя боюнча шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, көкбөрү күйөрманы Алтынбек Сулайманов спорт оюндарында калыстардын кол тийбестиги бар экенин эскертип, “Талас” командасын үч жылга оюнга кошпой жазалоо керек", - деген пикирде. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов да “башкаларга сабак болушу үчүн федерация катуу чара көрүү керек", - дейт.

Күйөрмандардан токмок жеген калыс Абляз Көккөзов менен байланышууга мүмкүн болбоду. Туугандарынын айтымында, анын абалы дурус, жеке менчик ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Анын коопсуздугун эске алышып, бөтөн адамдар менен жолуктуруудан сактанып турушканын туугандары билдирди.

31-августта “Аккула” ат майданында көкбөрү оюнунун финалы, ат чабыш, жорго салдыруу, жамбы атмай баштаган мелдештер болот. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов:

- 29-августта калысты сабаган окуя боюнча тергөө, текшерүү иш-чаралары Көкбөрү федерациясы менен бирдикте жүргүзүлүп жатат. 31-августта оюн учурунда коопсуздукту миңден ашуун милиция кызматкери күйөрмандарды көзөмөлгө алып, тартип бекем сакталат.

Дүйнөлүк спорт тарыхында мындай калысты сабап салуу окуялары сейрек учурайт. Чектен чыккан ээнбаштар жазасын алышкан учурлар катталган.