Исламиада: Кыргызстан 17 медал алды

Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы олжолуу кайтып келатат.

Жалпы 17 медал жеңген кыргыз спортчулары 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирди. Өзгөчө күрөштүн түрү боюнча күч сынашкан балбандар эл аралык адистердин жогорку бааларына татышты.

Акыркы күнкү күмүш

22-майда Исламиаданын акыркы күнүндө Кыргызстандын байге капчыгына дагы бир күмүш медал кошулду. Туратбек Сулайманкул уулу саншоу боюнча 48 килограммга чейинки салмактагы таймаштардын финалында түркиялык атаандашына жеңилип, экинчи орунду алды. Сулайманкул уулунун күмүшү улуттук курамага 17-медалды алып келип, жалпы командалык турнирде 10-орунга жайгаштырды.

Кыргызстандын курамасында 4 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медал бар. Жогорку медалдарды күтүлгөндөй эле күрөштүн түрү боюнча барган балбандар алып келди. Алардын бири грек-рим күрөшү боюнча балбан Каныбек Жолчубеков, анын максаты дүйнө биринчилиги жана Олимп оюндары болгондуктан өзүн алдыда бош коё бербестен машыгуунун улантам дейт.

Каныбек Жолчубеков

- Финалдык беттешүүгө өзбек балбан менен чыгып, 8:1 эсебинде уттум. Бул медал мага чек эмес, эми мындан ары дагы тынымсыз даярданам. Токиодогу олимпиадага чейин кудай ден соолук берсе, талыкпай эмгек кылып, ийгиликке жеткенге толугу менен аракетимди жумшайм.

Балбандар ордун тапты

Каныбек Жолчубековдон тышкары эркин күрөшчү Муслим Евлаев, Айсулуу Тыныбекова жана дзю-дочу Юрий Краковецкий алтын медаль менен келатат. Тыныбекова бир айдын ичинде экинчи эл аралык турнирден алтын алып келип жатса, Краковецкий Бакуда бутун кокустатып алганына карабай, финалдык беттешке чыкканын айтты.

- Экинчи беттеште казак балбаны менен кармашып жатканда, бутумдагы эски жаракатым кайра козголуп, булчуңду чоюп алдым. Финалдык кармашта болсо бутум ооруп жаткандыктан, тактикалык жүрүш менен жеңгенге эле жолум бар болчу. Себеби көтөрүп-чаба турган ыкмага бутумдун күчү жетмек эмес. Эми артымда Кыргызстан тургандыктан намыстандым, жыйынтыгында утуп алдым.

2016-жылы Рио Олимпиадасында байгеден куру келген Кыргызстан командасы курамын жаштар менен жаңылап, даярдыкты күчөтөрүн Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирген эле. Андыктан Ислам оюндары бир жылдык реформанын жүрүшүн иш жүзүндө көрсөтүшү керек болчу.

Натыйжада кыргыз күрөшчүлөрү эл аралык таймаштарда кайрадан өз ордуна кайтып келе жатканын белгилесе болот. Себеби күрөштөн алган медалдар боюнча алдыда үй ээлери саналган Азербайжан жана Иран курамалары гана болду.

Саитдин Азизбаев

Күрөштүн түрлөрү боюнча курама команданын калысы Саитдин Азизбаев Кыргызстан спорттун бул түрүнөн алдыга чыкканын "Азаттыкка" айтты: ​

- Кыргызстан күрөштүн түрлөрү боюнча алдыңкы орундарды ээлеген державалардын катарына кирди. Бул оюндарда 54 мамлекет катышып жаткандыктан, биздин балдардын деңгээли өтө жогорку десек болот. Атүгүл Дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык күрөшчүлөргө жогорку бааларын беришти.

Волейболдогу жаңы тарых

IV Ислам шериктештиги оюндары Кыргызстандын волейболчу кыздарына да тарыхый учур болуп калды. Аялдар арасында волейбол командасы буга чейин эл аралык ири мелдештерде байгелүү орундардан тыш калып келсе бул саам коло медаль алганга жетишти.

Жалпысынан турнирге 54 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрүнөн күч сынашты. Кыргызстан Исламиадага 11 спорттун түрүнөн 68 спортчуну жөнөткөн.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Нурпери Садырбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, оюндардын алдында спортчулардын даярдыгы үчүн мамлекеттен беш миллион сом бөлүнгөн.

- Бул мелдешке Кыргызстан аябагандай күчтүү даярдыкта келишти. Спортчулардын даярдыгы жана кийим менен камсыз кылууга, окуу-машыктыруу иштерине жакшы шарттар түзүлүп берилген. Ошондой эле 5 млн. сомго жакын каражат мамлекет тарабынан бөлүндү. Жыйынтык күтүлгөндөй эле Кыргызстан курама командасы бул мелдеште жогорку жетишкендиктерди көрсөтө алды.

Ошентип 12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктады. Кыргызстан 17 медалы менен Казакстан, Түркмөнстан, Иордания, Сауд Аравия, Оман өңдүү өлкөлөрдү артта калтырды.

Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземи

Медалдардын жыйынтыгы боюнча мелдешти уюштурган Азербайжан 75 алтын менен оюн жыйынтыкталардан бир күн мурун эле биринчи орунду камсыздап койсо, 70 алтын экинчи орундагы Түркияда калды. Ал эми Иран 38 алтын алып, үчүнчү орунга ишеничтүү жайгашса, төртүнчү сапты Өзбекстан 15 алтын менен ээледи.

Ислам шериктештиги оюндары (Исламиада) Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр арасында 2005-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. Алгачкы оюн Сауд Аравиясында болгон. Кыргызстандык спортчулар ал мелдештерде 8 медал уткан. Иран жана Индонезияда болгон экинчи жана үчүнчү оюндарга барган эмес. Экинчи оюндар Иранда өтмөк. Бирок Иран менен Араб өлкөлөрүнүн пикир келишпестигинен улам мелдештер өтпөй калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.