Кыргыз мушкери чейрек финалда күч сынашат

Бүгүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндарынын 7-мелдеш күнү жыйынтыкталат. Бул күнү кыргызстандык спортчулар спорттун беш түрүнөн мелдешке чыгышты.

Мушкер Өмүрбек Малабеков 56 кг. салмакта таймашка чыгып тайбэйлик Че Ли Юну утуп алды. 3-раундга созулган беттеште Өмүрбек атаандашына упай алууга мүмкүнчүлүк бербей, 3:0 эсебинде жеңишти камсыздаган. Эми ал жарым финалга чыгуу үчүн 30-сентябрь күнү кытайлык Жиавей Чанг менен беттешет.

Буга чейин 69 кг. салмакта Болотбек уулу Эркинбек дагы жарым чейрек финалга чыккан эле.

Бокс боюнча бүгүнкүгө белгиленген таймаштарда кыргыз мушкерлеринен Акжол Сулайманбек уулу жана Сергей Паренко күч сынашууга чыгышат.

Гольф боюнча Кыргызстандан жалгыз гана Айдарали Асанов катышууда. Ал 1-раунддун жыйынтыгы менен азырынча 79-орунда келе жатат.

Жаа атуу боюнча Кылычбек Нурманбетов менен Асел Шарбекова кийинки айлампага өтө албай калышты.

Ушул кезге чейин мекендештерибиз ушу, дзюдо, кылыч чабышуу, футбол, сууда сүзүү, оор атлетика боюнча мелдештерин жыйынтыкташып, байгеге ээ боло алышкан эмес.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев Азия оюндарынан медал алууга дагы да кеч эместигин, жакынкы күндөрү байге алууга мүмкүнчүлүгү жогору спортчуларыбыз таймаштарга чыгаарын маалымдады.

- Велоспорттон эркектер арасында 42 чакырымга жарышууда өлкөбүздүн намысын Евгений Ваккер коргойт. Ал 1994-жылдан бери удаасы менен беш жолу Азия оюндарына катышып төрт ирет күмүш, бир жолку коло медал утуп алган эле. Евгенийдин бул сапар дагы байге алууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп ишенебиз. Эртең эркин күрөш боюнча мелдештер башталат. Бул спортчулардан байге алат деп үмүт кылабыз”,- деди Нурдин Султанбаев.

Алдыда дагы кыргыз спортчулары катыша турган жеңил атлетика, таэквондо, карате, көркөм гимнастика, заманбап спорттун беш түрү боюнча мелдештер бар.

17-Азия оюндарында 7-мелдеш күнүнүн жыйынтыгында медал алган өлкөлөрдүн көч башын Кытай өлкөсүнүн спортчулары жетектейт. Кытайлыктар 177 байгени өз эсептерине жазышты. Алардын 90у алтын, 48 күмүш, 39 коло.

Түштүк Корея спортчулары 31 алтын 37 күмүш 35 коло байге менен экинчи катарда. Жапония курамасы 30 алтын 41 күмүш 35 коло менен үчүнчү катардан орун алышкан. 34 байге жыйнаган Казакстан курамасы 4-катарда. Казак спортчулары 8 алтын 9 күмүш 17 коло байге тагынышкан.

Эмилбек Чекиров, "Азаттык"