Айсулуу менен "Ак шумкардын" ийгилиги

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова.

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.

2019-жыл Кыргызстандын спорту үчүн, айрыкча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен футболчуларыбыз үчүн ак жолтой жыл болду. Бирок жеңишибиз жеңилүүлөр менен да коштолбой койгон жок.

Бул жолу жыл ичиндеги олуттуу спорттук иш-чараларды жана кыргыз спортчуларынын ийгилиги менен өксүктөрүн барактайбыз.

"Ак шумкар" Азия кубогунда

2019-жылды кыргыз спорту Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн футбол боюнча Азия чемпионатынан баштады. Кыргызстан биринчи ирет бул чемпионатка жолдомо алганы “акшумкарлар” үчүн тарыхый окуя болуп калды.​

Кыргызстандын футболчулары. 16-январь, 2018-жыл. Бириккен Араб Эмираттары.

Албетте Кыргызстан футбол боюнча Азиядагы ири турнирге биринчи ирет катышып жаткандыктан алгачкы баскычта өз күчүн сынап көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анда Кыргызстан “С” тайпасында Корея, Кытай жана Филиппин өлкөлөрү менен бир болду.

Кытай менен Кореяга утулганына карабай, Филиппинди ири эсепте жеңген “акшумкарлар” үч упай менен 1/8 финалдык бөлүккө чыкканы мекендештерди абдан кубандырып, тарыхый учурга айланды.

Кыргызстандын футболчулары гол киргизгенден кийин. 16-январь, 2018-жыл. Бириккен Араб Эмираттары

Плей-оффто Кыргызстан үй ээлери Бириккен Араб Эмирлигине туш келип, кошумча убакытта 3:2 эсебинде утулуп калганына карабай, “акшумкарлар” мекенине баатыр болуп кайтышты.

Кыргызстан курама командасынын күйөрмандары.

Аэропорттон таң атпай жүздөгөн күйөрмандар тосуп алып, андан соң Ала-Тоо аянтына калың эл кыргыз футболчуларга ыраазычылык айтканы чогулушту. Футболчуларга бийлик баш болуп ыраазычылыгын билдирип, айтор, футболчуларды кыргыз эли ысымынан эмес, жүзүнөн тааныган жыл болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан "Ак шумкарларды" тосуп алды

“Ак шумкарлар” учурда 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунан өтүп жатат. Кыргызстан “F” тайпасында Жапониядан кийин 7 упай менен экинчи орунда келатат. Жазында Монголия жана Мьянма менен оюндары бар.

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгард Бренхардт Жапония курама командасы менен беттеш учурунда. Бишкек. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Күйөрмандар "2020-жылы футболчулар жемиштүү жылын улантат" деп үмүттөнүп турушат. Бирок азырынча 7 упай менен келаткан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына жеңиштен тышкары ийгилик да өтө зарыл болуп турат. Анткени кийинки матчтарды уткан маалда деле Кыргызстандын башка тайпадагы атаандаштары көбүрөөк упай менен алдыга озуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин ачык айта кетүү зарыл.

Атабектин олимпиадалык жолдомосу​

Кыргызстанда популярдуулугу боюнча алдыңкы орунда турган грек-рим күрөшү алдына коюлган планды аткара албай жатат. Жапониядагы олимп оюндарына жарым жыл калганына карабай, Кыргызстандын грек-рим курама командасында болгону бир лицензия бар экенин айта кетели.

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Айрыкча балбандар үчүн сыноо күз мезгилинде Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында болду. Чемпионатта Атабек Азизбеков төртүнчү орунду ээлеп, Жапонияга жолдомо алганга үлгүрдү.

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Ал эми калган спортчулар 2020-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпионатында дагы бир электен өтүшү керек. Ошого карабай Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев алдыда балбандар өзүн килем үстүндө көрсөтөөрүнө ишенүүдө.

Азат Эркинбеков.

- 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын биринчилигинде мелдештер өтөт. Ошондон кийин гана Кыргызстандын курама командасын түптөйбүз. Мен келечекке жакшы үмүт артып турам. Бизде дагы алдыда жакшы мүмкүнчүлүктөрүбүз бар, ошолорду жакшылап пайдаланышыбыз керек.

Бирок грек-римчилердин уучу куру эместигин жыл ичинде жаштар көрсөтүштү. Алсак, жаш балбан Жоломан Шаршенбеков жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш медал алып берди. Мындан башка Разак Бейшекеев, Улукбек Сансызбай, Давран Сыдыков өңдүү жаш балбандарды да белгилей кетүү абзел.

Тарыхты өзгөрткөн Айсулуу

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын гимни жаңырып жаткан учур. Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Күрөштүн эркин стили дегенде айымдардан Айсулуу Тыныбекованы биринчи белгилейбиз. Тыныбекова 2019-жылы күзүндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы алтынды алып берди. Ал Нур-Султанда бардык атаандаштарын жеңип, Олимпиадага лицензия алгандардын катарын толуктады.

Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байге үчүн таймашында болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен беттешип жаткан учуру. Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Айсулуу Тыныбекова жылдын этегинде “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен жеңишке жеткенде казак туугандар да аябай сүйүнгөнү мени кубандырды. Чемпионат Нур-Султан шаарында өткөндүктөн боордош казактар кыргыз спортчуларын абдан сүрөп жатышты. Бирок ошол сүйүнүп жаткан учурда менин эсимден Олимпиада оюндары кетпей койду. Себеби мен дүйнө чемпионатын уткандан кийин мага жоопкерчилик өтө көбөйүп кетти. Ошондуктан мен азыркыга чейин өзүмдү бошотпой, талыкпай эмгекти улантып жатам. Менин азыр бир нерсеге алаксыганга, ашыкча убакытты текке кетиргенге, атүгүл ооруганга акым жок экенин түшүнүп жатам.

Айсулуу Тыныбековадан тышкары эркин күрөштө Улукбек Жолдошбековдун эмгегин да белгилей кетпесек болбойт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш балбан октябрь айынын аягында Венгрияда өткөн жаштар арасында Дүйнө чемпионатында алтын медалды жеңип алганы эркин күрөштөгү жеңиштердин жолун улады.

Улукбек Жолдошбеков.

Жолдошбековдун жеңиши 2020-жылы чоңдор арасында да уланат деп ишенебиз.

Өрөөндөрдү аралаган Көчмөндөр оюндары

2019-жылдын негизги спорттук иш-чараларынын бири Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндары болду. Спорттун 10 улуттук түрү боюнча мелдештер 16-сентябрда башталып, беш күнгө созулду. Бул мелдештерде Талас облусунун спортчулары 75 балл менен биринчи орунду алса, Бишкек шаары 63 балл менен экинчи, ал эми 3-орунду Ысык-Көл облусунун спортчулары камсыздады.

Талас облусу менен Чүй облусунун көкбөрү командалары Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас шаары.

Көчмөндөр оюндарын уюштурууга казынадан 50 млн. сом бөлүнгөн. Бул акчанын жарымынан көбү Талас шаарындагы борбордук ипподромдун курулушуна жумшалды. Улуттук спорттун түрлөрүн сактап, жайылтууга Көчмөндөр оюндары чоң түрткү болуп жатканын оюндардын жүрүшү тастыктады.

Кыргыз күрөшү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иш-чара максатына жетип, аймакка 20 миңдей турист келди дейт. Бирок, ошол эле учурда Көчмөндөр оюндары ансыз да бөксө казынага ого бетер күч келтирип жатканын айтып, сындагандар да бар экенин кошумчалай кетели. Бирок, кандай болгон учурда да Таластагы Көчмөндөр оюндары жылдын маанилүү спорттук иш-чараларынын катарында өз ордун ээлеп отурат.

Олимпиада - 2020

Жалпысынан кыргыз спортчулары 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына беш лицензия ала алышты. Алар: сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов, марафон чуркоодо Юлия Андреева, эркин күрөштө Айсулуу Тыныбекова, марафондук дистанцияда Дарья Маслова жана ошондой эле грек-рим күрөшүндө Атабек Азизбеков.

Дарья Маслова.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстан Токиодогу Олимпиадага жыйырмадан ашык лицензия алууну максат койгон:

- Биз негизи планга 21 жолдомо алабыз деп койгонбуз. Азырынча беш лицензия бар, бирок 2020-жылдын апрель айынан баштап негизги иш-чаралар башталат. Алдыда дагы 13 спорттун түрүнөн лицензия болот деп божомолдоп жатабыз. Айрыкча грек-рим күрөшү, дзюдо жана эркин күрөшү боюнча спортчуларга негизги басымды жасаш керек. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча бир лицензия, жеңил атлетика боюнча бир-эки жана бокс, ок атуу спортунда Олимпиадага спортчуларыбыз лицензия алып берет деп күтүп жатабыз.

Хоккей боюнча курама кошуун кышкы олимпиада оюндарына тандоо мелдешинин экинчи этабына катышып жаткан учур. Румыния. 15-декабрь, 2019-жыл.

2019-жылды жыйынтыктап айта турган болсок бокс спортунда Азат Үсөналиевдин жеңиштерин белгилейбиз. Үсөналиев ноябрда Беларуста “А” класстагы турнирди жеңсе, декабрь айында мунай өлкөлөрү арасында дүйнөлүк кубокту ишеничтүү жеңип алды. Боксчулардын ичинен Азат Үсөналиев олимп жолдомосун алууга жакын экенин белгилейли.

Азат Үсөналиев сыйлык тапшыруу аземинде.

Волейболчуларыбыз үчүн да олжолуу жыл болду. Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу август айында Непал өлкөсүндө борбордук зонадагы өлкөлөрдүн турнирин жеңип алды. Ооба, бул турнир волейбол жаатында жаңы өнүгүп келаткан өлкөлөр арасында өттү. Бирок Кыргызстан волейболдо Азиядагы күчтүү өлкөлөр менен кубок талашып, классы да көтөрүлгөнү жакшы жышаан эмеспи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Волейболчулар мекенге кайтты

Ардагерлер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Мелис Турганбаев менен Тазабек Икрамовдун жүрүшүн кантип унуткарабыз? Эки ардагер байгелүү орундарды багынтканы күрөштөгү улуу муундун даңкын көтөрдү.

2020-жылдагы иш-чаралар

Чычкан жылынын негизги спорттук иш-чарасы Жапониянын борбору Токио шаарында өтө турган Олимп оюндары болмокчу. Ааламдагы күчтүүлөр Токиодо өзүн көрсөтүүгө ашыгып жаткан чакта кыргыз спортчулары да андан кем калбай аракеттерин улантууда.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы оюн учурунда. Иран, Урмия шаары. 24-октябрь, 2019-жыл.

Ошондой эле футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн 2020-жыл дүйнөлүк деңгээлдеги чемпионат менен коштолот. Анткени Түркмөнстанда февраль айында Азиянын 16 мыкты командасы чемпиондук наамды талашмакчы. Алардын катарында Кыргызстан “В” тайпасында Жапония, Ливан, Кувейт өлкөлөрү менен оюндарды баштайт.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

2020-жылы Түркияда өтчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргызстандыктардын өзгөчө назарында болмокчу. Алгачкы үч оюнду Ысык-Көлдө өткөргөн Кыргызстан эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу башка өлкөгө өткөрүп берет.

2020-жылы күзүндө болчу бул оюндарга кыргыз спортчулары өзгөчө чоң жоопкерчилик менен барышмакчы. Анткени үч жолу катары менен командалык жыйынтыкта биринчи орунду ээлеген Кыргызстан эми Түркияда да өзүнүн мыктылыгын далилдеши керек. Өкмөт да бул оюндардын маанисин белгилеп, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына казынадан 50 млн. сом бөлүүдө.

Таяк тартыш боюнча таймашта 105 кг. салмакта алтын медал тагынган кыргызстандык Келдибек Атайбек уулу. Чолпон-Ата шаары. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Айтор 2020-жыл спорт сүйүүчүлөр үчүн турнир, чемпионат жана эл аралык мелдештерге бай болот.

Өз кезегинде кыргыз спортчулары алдыдагы ири мелдештерде 2019-жылдан дагы олжолуу жыйынтыктарды көрсөтөт деп үмүт кылабыз. Ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын тарыхында боло элек олимпиаданын алтын медалын Токиодогу оюндарда биздин спортчулар алып келет деген жалпы журтта ишеним күч экенин белгилейбиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​