Спорт чеберлери эки мушкерге үмүт артууда

Роман Мартинес (Пуэрто-Рико) менен Диего Магдалено (АКШ). 6-апрель, 2013-жыл

17-октябрда Алматыдагы бокс дүйнө чемпионатында 116 өлкөнүн алты жүзгө жакын мушкери мөрөй талашууда. Өлкө намысын 9 мушкер коргоп жатат.
14-октябрдан бери Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында алгачкы ирет бокс боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.

Казакстанга мелдешти өткөрүү укугу бокс спорту өнүгүп, олимпиада оюндарында, дүйнө чемпионаттарында казак мушкерлеринин жеңип жатканынан улам берилген.

Мелдеште 116 өлкөнүн беш жүздөн ашуун спортчусу мөрөй талашууда. Бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоп, алардын үчөө жеңилип, алтоо таймашты улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн бокс федерациясынын президенти Абдубакыт Халмурзаев маалымдады.

Алгач рингге 64 килограмм салмактагы Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов чыгып, ал 3:0 эсебинде Британиянын Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Зака Дэвисти утуп, кийинки таймаштарга жолун ачты. Эми 18-октябрда Эрмек Сакеновдун кийинки атаандашы ирландиялык Рэймондо Моллетти болмокчу.

Бокс боюнча Азия оюндарынын коло байге ээси, Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиону, учурдагы улук машыктыруучу Таалай Кадыралиевдин пикиринде, Алматыдагы дүйнө чемпионатында Эрмек Сакенов менен Өмүрбек Малабеков байгелүү орунга илинип калышы мүмкүн.

60 килограмм салмакта Медер Мамакеев Эл аралык бокс бирикмесинин желеги алдында чыккан Малик Викаштан жеңилип, таймашууларды андан ары уланталбай калды.

Жеңил 48 килограмм салмактагы Турат Осмонов алгачкы атаандашы италиялык Мануэли Каппаиден жеңилип, мелдештен четтеп калды. 69 килограмм салмакта Эркинбек Болотбек уулу марокколук Мохамедд Рабини үчүнчү раундда эсин оодара согуу менен утуп, адистердин көңүлүн бурду. 20-октябрда 16дан бир финалдагы Эркинбектин эмки атаандашы кениялык Рэйтон Окуири болмокчу.

Ошондой эле 81 килограмм салмакта өлкө намысын Александр Панарин коргоп, түркмөнстандык Арстанбек Ачиловго туруштук бере албады.

52 кило салмакта быйыл Иорданияда Азия чемпиону аталган Азат Үсөналиев өлкө намысын коргойт. Ушул жигит байгелүү орундарга илинип калышы ыктымал,- дейт Бишкектеги балдар бокс мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачеев.

Азия чемпиону Азат Үсөналиев менен Өмүрбек Малабеков байгелүү орундарга талапкер болушу мүмкүн экенин “Азаттыкка” эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мамыт Акеров билдирди.

Алматыдагы дүйнө чемпионатында 18-19-октябрь күндөрү кыргызстандык жигиттер үчүн чечүүчү күч сынашуулар болмокчу. Бул күндөрү 52 кило салмакта Азат Үсөналиев молдовалык Александр Рэфка менен, 56 кило салмакта Өмүрбек Малабеков өзбекстандык же непалдык атаандашы менен күч сынашат.

75 кг. салмакта Азамат Каныбек уулу италиялык же мексикалык мушкерге туш болот. 91 кило салмакта Сергей Паренко да рингдеги таймашууларга чыгат.
Cпорт ышкыбоздорунун арасындагы бокс боюнча дүйнө чемпионаты 1974-жылы Куба өлкөсүнүн Гавана шаарында алгач ирет өткөрүлгөн. 1991-жылга чейин төрт жылда бир жолу өтүп келсе, Сиднейдеги дүйнө чемпионатынан бери эки жылда бир өтүп жүрөт. Азия континентинде 2003-жылы жылы Тайланддын борбору Бангкокто дүйнөлүк таймашуулар болгон. Быйылкы Алматыдагы дүйнө чемпионатында мушкерлер башы, кулагын коргоочу тумаксыз мушташууда.

Эгемен өлкө болгону чоңдор арасында кыргызстандык жигиттер дүйнө чемпиону наамына жетелек. Совет доорунда кыргызстандык Андрей Курнявка дүйнө чемпионатынын алтын медалын 1989-жылы Москвада өткөн биринчиликте тагынган. 1991-жылы Австралиянын Сидней шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Курнявка финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон.
2004-жылы Түштүк Кореяда караколдук Айбек Абдумомунов жаштар арасында дүйнө чемпиону аталган.

Алматыда мушкерлерге өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Адылхан Бекболотов баштаган үч машыктыруучу кеп-кеңешин айтып жүрөт. Алматыдагы дүйнө чемпионаты 14-октябрда башталган, 26-октябрда жыйынтыкталат.